Мезгил ажырымы. Алтын Иниятовна

Мезгил ажырымы - Алтын Иниятовна


Скачать книгу
келип кетет. Телефонун чукулап отуруп классташы Азаттын номерин терди.

      – Алло, Саллом аллейкум, Азат, кандай ээй…? Эмне чалбайсың? Чалсам же албайсың? – деди күлкү аралаш

      – Аллекума ассалам. Жакшы. өзүң кандайсың?

      – Эээ..жүрөм…

      –Иштеп жатасыңбы? Эмне жаңылык?

      –«Жаңылык деле жок. Жумуш жок ээ…Отурам үйдө…Аяшың багып жатат» деди Нурик калп каткырып.

      – Бир чон мейманкананын ичин бүтүргөнгө бригада керек болуп жатат, кошулбайсыңбы?

      – Эээ…прораб менен иштешким келбейт. Жүрөмбү акчамды ала албай…

      – Эмнеге ала албай калмак элең. Иштегениңди аласың да…

      –Жо-о-ок…эээ…Андан көрө карызга акча берип турчу. Иштегенде кайра берем…

      – Акча жок..дос таарынба…Мейли анда…чалышабыз да…(Азат трубканы коюп койду)

      Нурик телефонун карап өзүнчө сөгүнүп алды да. үйгө кирип тартмадагы сөйкө, шакекти төш чөнтөгүнө салып койду. Эми эптеп 20 сом таап алып, Ош базарына жетиши керек. Анан сөйкөлөрдү, шакекти өткөрсө акчалуу болуп калам деп ойлоп сүйүнө түшөт. Эскирген жыгач дарбазаны жаап сыртка чыкты.

      ***

      Сөөк коюу зыйнатынан чон эне келин, уулдары менен үйлөрүнө кайтып келе жатышты. Кечээ көргөн бүгүн жок болуп, адам өмүрү тез эле жылт этип өтүп кетерине бир ишенип, бир ишенбей «Капырай десең, кечээ эле төрөлүп бирок, жылдар өтүп жашабагандай, тез эле убакыт сааты чыгып адам бул дүйнөдөн кетет экенбиз. Алдыга умтулуп, алдыдан жакшы бир нерсе үмүт этип жашай берет турбайбызбы. Көрсө ушул мүнөттөрүн, ушул сааттарың маанилүү да, маныздуу да турбайбы» – деп чон эне ойлуу…

      Терезени тиктеген улуу келини кызмат кылчу бала-бакыра, келин-кесек табылбай бышырган эт чала бышып, колго суу убагында куюлбай, баш аламан өткөн бул сөөк коюу зыйнаты тууралуу ойлонуп келе жаткан. Улуу келиндин жүрөгүн өйүгөнү «Эгер кайненемдин көзү өтүп кетсе, шаарда жүрүп, шаарда өскөн бала-бакыра, келин кесек деле шыпылдап тейлеп жибербейт турбайбы. Баары эле дубалга жөлөнүп жалдырап туруп беришет экен да. Тыңыраак чай куюп, дасторкон тейлей алышпайт экен да…»-деген маселе болчу. Ортончу келинин оюнда атасына арнап, эки ооз сөз айтып ыйлоого жарабаган эки кыз бар эле. «4 сап кошок ыр жаттап алышса болмок экен. Секелек кыздай бышмыңдабай…» деп ойлоп коет да «Баса…ыйлоого, кошок айтып үн чыгарууга тыйуу салынган да…» деп өз оюуна өзү жооп табуу менен алек. Машинедеги эркектер сөөк жууганы киргенде сөөктүн жупжумшак болуп катыбай калганы тууралуу сөз кылып жатышкан.

      Эненин улуу баласы:

      – «Сөөктүн капкатуу болуп катып, анан кабырга түшкөнү жакшы. Сөөк катыбай калса жаман белги деп апам айткан. Тактап сурап көрөйүнчү»-деп апасына кайрылып үнүн бийик чыгарып «Ие..апа..сөөк катыбай калыптыр. Молдо ырым жырым жасаш керек болчу да ээ…?» – деди

      Бул сөздү уккан апа чочуп кетти. «Караңгүн!!!, молдо ырымдаган жокпу кабыр башында…иия…??!!»-деп жиберди.Эркектер – «эмне ырым жырым болуш керек эле» дегендей бири бирин


Скачать книгу