Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев
Эгерде адамдын Дон Кихоттукундай чоң, кош көңүл болалбаган жүрөгү болсо, жамандык, адилетсиздик жанын кейитсе, алсыз болсо дагы тайманбай согуша алат дечү. Дагы бир аз убакыт өткөрүп, небереси кайра чоң атасынан китеп окуп берүүсүн суранчу.
Бир нече жылдан кийин гана үй-бүлөбүз кичине бардарчылыкка жетишкен кезде “почта аркылуу товар” деген кызматтын жардамы менен ата-энебиз улуу үч уулуна чыныгы Канаданын конькилерин сатып беришти. Алардын томпок түзүлүшүнөн улам, балдар аларды томпок дешчү. Алар азыркы жаштардын тили менен айтканда эң эле “крутой” конькилер болуп саналчу. Аларды биз өтүк же чокойлорго ичке жиптер менен байлап алчубуз. Чокойдун арты жыртылып, бутубуз өйкөлүп калчу. Кээде, белгисиз жолдор менен колубузга парашюттун аркандары тийип калчу. Алар коньки бекиткенге эң сонун жиптер эле.
Колхоз ишинде бир өнөктүктүн артынан дагы бир өнөктүк келип (кой куут, сакмал, эгин оруу, пахта чогултуу, мал кыштатуу), бир калыпка салынган жумуш күн болбойт. Ошондуктан атам балдарынын окуусун катуу көзөмөлдөй алчу эмес, бул милдет апамдын мойнунда эле. Үйдөгү чарбачылык да апамдын жүгү. Апам нак кыргыз аялы болду, кыргыз, өзбек тилдерин үйрөндү, кошуналар аны мээрим менен Мария апа дешчү. Ал, атам жана биздин туугандар жеп көнгөн тамактарды таптап, даамына келтирип жасаганды үйрөндү. Тегерек патыр нанды өзгөчө даамдуу жасачу. Тандырга нан жапканда биз апабыздын өз колунан нан алып жегенге качан кезегибиз келет деп, чыдамсыздык менен күтүп отурчубуз.
Күзүндө кышкыга капуста даярдачубуз. Апам Шура апа экөө туурап, челекке туздап салышчу. Бадыраң, помидор туздашчу. Сабиз, картөшкө камдачубуз. Алманы жазга чейин, а жүзүмдү Жаңы жылга чейин сактачубуз. Чоң апам борщту, вареники жана галушканы сонун жасачу. Ал украиналык эле, мекенин дайыма эсинен чыгарбай, өлөр өлгөнчө тилине бек болду. Бала кезибизден ал тилге көнүп өстүк.
Апам мектепке барган балдарына катуу мамиле кылчу. Төрт мектеп окуучусун кароо чоң берилгендикти талап кылды: аларды кийинтүү, тойгузуу, көчөнүн жаман таасиринен коргоо керек эле.
Шаарыбызда төрт жалпы билим берүү мектеби бар бол-чу. Алардын бирин бир туугандар 60-жылдары бүтүрүштү. 60 жыл мурда 10 эле жыл окушчу. Мен 11 жылдыкка туш келдим. 8-класстан кийин мектептен окугусу келбегендер кетип калышчу. Биздин класстын бир бөлүгү кесиптик техникалык курулуш окуу жайында окууну же дароо оңдоомеханика заводуна слесарга же токарга шакирт болуп иштөөнү тандашты. Айыл өңдөнгөн шаар маданият, билим борборлорунан алыс жайгашып, өзүнүн жай баракат нугунда жашоосун улап жатты. Кошуналар деле биз сыяктуу өз үй-бүлөсүнүн түйшүгү менен чектелишчү.
Аскерге чакыруу келгендер сүйүнгөн бойдон аскерге кетишчү. Көкүрөктү койгуламай жок эле, эч кандай көңүл толкуткан узатуусуз, текке кеткен 3–4 жыл дебей эле кетишчү. Аскерге кызмат өтөөдөн эч ким четтечү эмес, биринчиден, аскерге милдеттүүлөрдү эсепке алуу катуу жолго коюлган. Экинчиден, бул жашоодогу жаңы нерселерге карай ачылган