Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
безсознательный ум) – чыгармачыл акыл, иррационалдык акыл, мүмкүнчүлүгү чектелбеген чексиз акыл, мээнин оң жарым шарынын иштеши” экендигин түшүндүм.

      Экөөбүнүн биргеликте бир деңгээлде иштеши жашоонун жеңил жолун ачып, азыркы, бүгүнкү жашоону, учур чактагы жашоону алып келет. Бирок, эки мээ “тең салмактуулукта” иштеген адамда “сыйкырдуу” жаратуулар болот, алар материалдык дүйнөдө адамдар тарабынан “гений, өтө талантуу, кудай, пайгамбарлар” катары кабыл алынат. Тилекке каршы андай адамдар чанда кездешет. Ал эми, мүмкүнчүлүк ар бир адамда бар. Ошон үчүн ар ким өзүн өзү түшүнүп, өзүн өзү угуп иштеткенди үйрөнүүсү, керек, өз мүмкүнчүлүгүн пайдалануусу, ичиндеги чыныгы жөндөмдүүлүгүн эстеп, ачуусу керек.

      Өзүңдү өзүң түшүнүү аркылуу, сырдуу күчтөрүңө ишенесиң, ден соолукта болууга өзүңө өзүң уруксаат бересиң.

      [А] Мен, Сен, Ал, Биз, Дүйнө, Аалам, Кудай барбыз! Биз азыр ушул жердебиз!

      Эмнеге “Мен”, “Сен”, “Ал”, “Биз”, “Дүйнө”, “Аалам”, “Кудай” деген сөздөр көп колдонулат?

      Ар бир адам дене түзүлүшү көп кырдуу, көп тармактуу жана ар кандай көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн дүйнөлөр менен тыгыз байланышта. Медициналык көз караштан сырткары, эзотериканын тили менен айтканда, адам дене түзүлүшү негизинен жети денеден турат, орустардын “Матрешка “ куурчагы сыяктуу көзгө көрүнбөгөн энергиядан турган денелер бири-бирине кийгизилип турат. Ал нерсени көпчүлүк адам түшүнө элек. Ошондой эле ошол денелерди бири– бирине байланыштырып, адамды кыймылга келтирип, жылуулук берип, жандандырып, жашатып жаткан көзгө көрүнбөгөн нур жипчелер, нур каналдар, энергетикалык нур айландыруучу борборлор бар экендиги тууралуу көп маалыматтар бар. Мен дагы көпчүлүк катары бул нерсени түшүнүү үчүн издендим. Ал денелердин бар экендигине ишенип, физикалык дене башка денелер аркылуу тыгыз байланышта экендигин түшүнгөндөн кийин кана, мындай маалыматтын ар бир адам үчүн керектигин түшүндүм. Жана аны көпчүлүктүн түшүнүп алуусун ниет кылдым. Себеби, ден соолукта болуу үчүн бул маалымат адамдар үчүн керектигине ынандым. Ошон үчүн китеп аркылуу түшүндүрүү зарылдыгын колго алдым. Албетте, бул нерсени менден эч ким суранган жок, бирок билген маалымат менен бөлүшүүнү туура деп таптым. Кээ бир адамдар, китеп жазуу – бул сенин “миссияң” деп да айткандарды уктум. Жыйынтыгында, миссияны(предназначение) ар бир адам өзү түзөөрүнө ишендим. Ал сенин мурдатадан жасап келе жаткан турмуштук тажрыйбаң экендиги анык. Бул нерсе маалымат талааңда болбосо, мындай нерсенин бар экендигине ишенмек эмесмин. Түшүнгөндөн кийин жаным жай алып, жазууну менин чыгармачылыкта иштөөм деген ишеним менен анан жазууну баштагам. Бул жөн эле “атак даңк” үчүн же “акча табуунун негизги булагы эмес” экендигин бара-бара түшүнө баштадым. Чындыгында өтө чөң жоопкерчилик. Мен аны түшүндүм. Билген, көргөн нерсемди дагы ооз жабып отура берүүнүн кажети жок экендигин түшүндүм. Себеби, билим – ал энергия, менин физикалык денем, ден соолугум менен байланышкан. Аны алып, берип сарптабасаң ден соолуктан ажыраарымды түшүндүм.


Скачать книгу