С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат. Замирбек Өсөров
активдүү аралатырып, тапкан акчасынын көбүн окуучулардын муктаждыктарына жумшашат. Жогоруда айтып кеткенибиздей лицейдин 3 гектар жери бар, аерде жүгөрү менен картошка өстүрүлөт. Лицейдин астында өзүнчө коммерциялык дүкен да ачылган. Мындан тышкары лицейдин туруктуу спонсорлору да, учур келгенде материалдык жардамын аяшпайт. Маселен, 25 майда, акыркы конгуроо салтанатына катышкан коноктордун арасынан райондук «Сельхозхимиянын» жетекчиси А. Эгембердиев билимкананын жерин өздөштүрүү үчүн эки тонна химиялык жер семирткичтерди тартуулап, тийиштүү техниканы да иштее маалында берип турган.
Ошондой эле «Намеда» аттуу биргелешкен мекеме (директору А. Пратов) 300 литр солярканы бөлүп берген. Ошол эле күнү райондук айыл-чарба башкаруусунан 500 сомго көркем китептер белек катары лицейге тартууланган. Өкмөт тарабынан да жардам берилүүдө. Лицей элге билим берүү бөлүмүндө интернат катары катталып, тиешелүү каражатты алып турат.
Кыскасы, бул лицейдин материалдык базасы, анын ичинде мугалимдердин алган айлыгы өкмөт тарабынан да (мугалимдердин орточо айлыгынын деңгээлинде), «Талант» фонду жана спонсорлордун жардамы аркылуу да кошумчаланып негизделинет. Мына ошондуктан лицеисттердин тамагы да сапаттуу, мугалимдердин айлыгы да жөнөкөй мектептерге салыштырганда эки-үч эсе жогору, а бирок ошого жараша биердеги окутуучулардын жаны тынбай иштегени да бар. Эртеменен саат сегизден кечке жуук, саат тогузга чейин лицейден чыгышпайт. Негизги иш – балдарды интенсивдүү түрдө окутуу, аларга терең билим берүү, сабактан бош мезгилде чарбалык жумуштар, курулуш, уюштуруу иштери күтүп, – кыскасы, мугалимдердин нагрузкасы арбын.
Балыкчыда дал ушундай уюшулуп жаткан лицейдин астындагы фонд түзүлүп жатканда, шаардын атактуу, кадыр-барктуу адамдары, бизнесмендер, директорлор жыйналышка чогулуп, бир күндө эле рекорддук сумманы (50 миң сомду) соопчулук фондтун эсебине которуп беришти. Дал ошондой Кочкордо да Турдакун Усубалиевичтин демилгеси аркылуу тез убакта айылдын аткаминерлери жыйналып, бул иштин жергиликтүү элге өтө керектигин бат эле түшүнүшүп «Калыгул» фондун уюштурушту, өнүккөн эл бат эле иштин пайдасын көрө алат эмеспи, керектүү чыгымдарга моюн сунуп. Бул жагын эске алганда түштүгүбүздүн кадыр-барктуу аксакалдары да, жалпы эл-журту да бир аз кашаңдыгын көрсөткөнүн ачык эле айтып кетишибиз абзел. Ноокат билимканасы маңдайында жайгашканына карабай, анын келечек үчүн зор маанисин сокур адам да көрүп турган чакта, ошондо да, Ноокаттан башка аймактарда дале болсо алгылыктуу жылыштырдын байкалбашы албетте өкүндүрбөй койбойт. Нарын, Ысык-Көлдөн өзүлөрү келишип ЭЖИАДтан керектүү маалымат алып жатса, түштүктүн кээ бир райондоруна өзүн барсан да эч кандай жыйынтыгы чыкпай жатканы, аердеги адамдардын чабандардан тартып акимдерге чейин өзүнүн жеке кызыкчылыгынан башка эч нерсени ойлогусу келбегени кимдин гана жалынын өчүрбөсүн, кимдин гана шагын сындырбасын! Эки-үч миң сомду район боюнча лицей учун жыйнай албай,