Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
жардам бер. Ата-баланын бири-бири менен болгон мамилесинин начардыгы, өзү өзүнүн кемчилигин көрө албастан баласы менен тең тайлашуусу. Эми, балаңды кандай болсо ошондой кабыл алуу менен өзүң менен өзүң күрөшүүнү токтото аласың. Кемчилигинен арылууга жардам берип, өзүн өзү кандай болсо ошондой кабыл алып, мындан ары ал кемчилигин кайталабоого жардам берип, жакшы жагын мактап колдоп, коргоп, өзүнүн балага болгон сүйүүсүн айтуу менен өзүн өзү кечире алат. Ошентип улам балага жардам берүү менен энергетикалык жактан күч кубат берип, ишинин жүрүшүнө жол ачып бара бересиң.

      Бир эле мезгилде атанын да, баланын да денеси түздөлдү, боюн түздөп, экөөбү тең ордунан туруп, кайраттанып баскысы, иштегиси, келе баштады. Жалкоолугун жеңди. Эми, жалкоолук ага кожоюн болбой, ата-бала жалкоолукка өздрү кожоюн болуп калышты. Мээсинде айланып жаткан терс ойдун агымы кетип, жаңы “ойлор”, жаңы “идеялар” келе баштады. Ал деген нерсе экөөнө тең жаңы күч кубат, кайрат келди, жашоого болгон кызыгуу пайда болду дегендик. Денедеги уюп калган кан – суюлуп, кандын агымы кан тамырлар аркылуу өз нугунда айлана баштады. Холестерин азайып, кан басымы нормага келди. Эске тутуусу жакшыра баштады. Денедеги канттын проценти өз нормасына түштү. Эми, дем алып дем чыгарып көкүрөгүңө колуңду коюп, өзүңдү өзүң ушул нерселери окуп, түшүнгөндүгүң үчүн мактап, алаканың менен таптап таптап кой. Бул денеге күч кубат берет. Өлүп, чирий баштаган клеткалардын ордуна кан тамырлар аркылуу жаны нурдун агымы келип, лейкоциттер активдүү иштеп жаңы клеткалардын жаралышына шарт түздү, жаңы клеткалар пайда болуп, дене “жаңыланууга, жашарууга” өттү.

      Дене активдүү иштөөгө киришти. Кубана баштайсың.

      Боор тазаланып, бөйрөк ишке киришти, мээнин иштеши жакшырып бүт денеге нур чачыратып “ЖАША!” “ЖАШАР!” “ МЕН ӨЗ ЖАЙЫНДАМЫН! “БАШКАЛАР ӨЗ ЖАЙЫНДА” “ДҮЙНӨ ӨЗ ЖАЙЫНДА”, “МЕН ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ!” “Мен жашап жатам!” деген “сүйүнүч, “кубаныч” кан айлануу менен 27 секундада бүт денеге буйрук берип жеткирди…

      Ал деген нерсе, ата өзүнүн өмүрүн, жашоосун узартты, өзүнүн түшүнүгү менен, өзү каалаганча жашоосуна шарт түздү.

      Баласынын жашоосунда кызыктуу окуялар пайда болуп, баланын жашоосуна кызыктуу идеялар, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуусуна шарт түзүлдү. Ал нерсени бала сезиминин жакшырышы менен сезди, сүйүндү. Кыялында “мен эмнеге сүйүнүп жатам, жакшы нерсе болот го деген “ишеним, үмүт” пайда болуп, жашагысы келди. Албетте, “күмөнсүрөө” менен акырындап, “ишенимге” өтөт.

      Кимде ким автоматтык түрдө өтсө, ал адамда ушул секундадан баштап жашоондо, ден соолугунда коррекция(оңдоо) жүргүзүлдү, эгерде чын дилинен аң сезими менен түшүнүп жасаган болсо. Эми жашоонун жаңы варианты пайда болду.

      Ал эми баланын жан дүйнөсүндө жашоого болгон кызыгуусу күчөдү. Айлана чөйрөнү көрө баштады. Жаңы адамдар менен таанышып байланыша баштады.

      “Ишим жүрүшпөйт” деген жаман ойдон арылып, “эмне иштен баштасам экен”, деп жол издей баштады.

      Тааныштары, бейтааныш жолуккан адамдар


Скачать книгу