Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
күчтүүлөр сезим менен эле сезе алат. Алар ар кандай образда көрүнөт, ооруу, проблема болсо кээ бирине курт, жөргөмүш, чымын, таракан, жылаан б.а. ар кандай сойлоп жүрүүчүлөр болуп көрүнөт. Кээ бириңерге карарган илээшкек же кандайдыр бир жийиркеничтүү, чоюлчаак нерсе болуп көрүнүшү мүмүкүн. Кээде жатканда көзгө ар кандай нерселер көрүнүп уктай албай кыйналган убактар да болушу мүмкүн.
Кара же ар кандай күңгүрт түстөр, жипчелер, мультфильм же кино сыяктуу ар кандай окуялар дагы көрүнүшү күтүлөт. Андай нерселер көрүнсө жөн кана көздү жуумп, жараткандан тазалап коюсун суран, кыялың менен суу менен шаркыратманын түбүндө тургандай өзүңдү элестетип жуунуп кой. Же эринбестен туруп, өзүң каалагандай сыйынып, көздү жуумп, денеңди бош коюп көз алдыңдагы белгисиз нерселер жок болуп кеткенче, карап тура бер. Каала өзүңдү өзүң кечир, кечирим сура, өзүңдөн, ата энеңден, ата-баба рухтарынын атынан дагы суран. Ал жаман эмоциялар менен түзүп алган окуяларды таркатып жиберүүгө жардам берет. Себеби, бул окуя кайсыл дүйнөдөн сага келип жатканы белгисиз. Ошондуктан, аны түшүнүү үчүн убакыт көп кетпеши үчүн, сыйынуу менен, болгон окуяны кабыл алып, дене аркылуу тез арада өткөрүп жиберүү зарыл. Себеби, ал энергия, нурдун толкуну. Ал энергия сенин структураңа кирип алгандан кийин, денени кыймылдатуу менен оңой чыгат. Аны билбесең, эртең менен ооруп же денең талыкшып калышы мүмкүн. Албетте, түштүн сапаты келген окуяга жараша болот, дененин психологиялык акыбалы ошого жараша иштейт.
Бул “астралдык дененин” кирдеши. Ал жөнүндө китепте айтылат.
Алар эт менен челдин ортосунда жайгашкан аэродинамикалык жаралуулар, б. а. ар бир адам өз кыялы, жүргөн жери, мамилелеш адамдар аркылуу топтолгон мусор, таштандылар. Мына ушулардын баары дененин ар кайсыл бөлүгүндө жайгашып, адамдарды ар кандай акыбалга алып келет, денеге оорууларды пайда кылат. Айрыкча негативдүү адамдардын энергетикалык акыбалы (аурасы) ден соолугу таза адамга тескери таасир берет. Ден соолукта болгуң келсе, мамилелеш адамдарыңды да кара, ар бир уккан, сүйлөгөн сөз дене үчүн тамактануучу энергия, нур. Ошон үчүн өзүңдү алсыз сезгенде суу менен жуунуп, кыялың менен жакпаган элестерди отко күйгүзүп салуу сезимиңди жакшырат.
Дем алуунун ден соолукка таасири кандай?
Туура дем алуу – ар кандай ооруунун, терс кыялдын табылгыс дарысы. Баардык дары өзүңдө турат. Эгерде, өзүңдүн күчүнө өзүң ишенсең калыптануу оңой болот.
Дем алуу менен энергетикалык каналдар тазаланат, нур айлануу калыптанат. Денеде нур айлануучу каналдар өз нугунда болсо, кан айлануу процесси өз нугунда айланат. Жылуулук болбосо кайдан кан айланмак эле аны өзүңөр жакшы билесиңер. Ошон үчүн туура дем алууну үйрөнүү зарыл. Ага чуркоо, ар кандай физикалык көнүгүүлөр, Цыгун, Айкидо, Тай-Цы, Жуткундо, Йога,Тенсегрити жана ар кандай дем алууну калыптандыруучу көнүгүүлөр жардам берет.
Басканда буттун манжалары кысылбай кенен болсо, денеде энергетикалык кысылуу, туруп калуу болбойт. Ошон үчүн, бут киймимдин ыңгайлуусу сөзсүз керек. Айрыкча өспүрүмдөрдүн бут кийимине көңүл бөлүү