Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
сезип”, эртең менен “өзүмдү бактылуу сезип” турууну күнүгө ниет кылам”, себеби, аны канчалык көп жасасаң ошончолук өзүңө өзүң ыраазы болуп, кубанычтын сезими көбөйөт. Ал эми кубаныч, мелатониндин денеге өз нормасында бөлүнүп чыгуусуна шарт түзөт. Адам кубанган сайын кан айлануу жакшырат. Кан айлануу жакшы болсо адам өзүн чыйрак алып жүрөт.

      Адамдар жөнүндөгү ойлорумду өзүмө жаккандай ага да мага да “кубаныч сезим” тартуулагандай ойлойм. Жыйынтыгында, адамдар мага ошондой мамиле жасап, мен өзүмдү жакшы сезе баштадым.

      Ар бириңерге суроо???

      Жашооңдо эмнелер болуп жатат, кандай жашоодо жашап жатасың? Ал күндөн күнгө көбөйүп күчөп бара жатабы же …?

      Аны күчтөндүрүп жаткан ар бир адам өзүбү же…?

      Күнөөлүүнү издеш керекби же…?

      Өч алуу, уят, күнөөлүү сезим, таарынуу, бийлик талашуу, ашыкча намыс ж.б.у.с. денеге пайдабы же зыянбы?

      Ооруунун, аба ырайынын өзгөрүүсүнүн башаты кимден башталышы мүмкүн?

      Менин айтайын дегеним “ойдун тазалыгы”, “сөздүн тазалыгы” жөнүндө, бул дагы ден соолуктун эң негизги – булагы, дененин жеген тамагы, өткөргөн нуру. Эмесе, ушул эки сөз жөнүндө кыскача түшүнүк бере кетейин.

      [А] Аалам ден соолуктун толкунунда! Аалам өз жайында!

      ОЙДУН ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ЖӨНҮНДӨ

      “Мен кандай ойлонсом, өзүмдү ошондой сезем, азыр дал ошондой жашоодо жашайм!”– бул чындык.

      Ой күлүк. Ойсуз жашоо кыйын. Ар бир адам басса турса ой менен басып, ой менен сүйлөшүп, сезиминде сезип жашайт.

      “Ой” – ар бир адамдын күнүмдүк жашоо турмушундагы куралы. Аны турмушка ашырып, секунда сайын тамактандырып турган адам “сезими”, “сөздөрү”.

      Ойдун “оң” жана “терс” жагы бар.

      Жамандыгына алсаң ой менен учу кыйры түгөнгүс “терс” көрүнүшкө түшөсүң, жашооңду кыйынчылыкка учуратып, ден соолугуңду оорууга чалдыктырып, өмүрүңдү кыскарта аласың. өзүңдү, үй бүлөңдү, мамлекетиңди, бүткүл Ааламды дүрбөлөңгө саласың. Үй бүлөдөгү эле аба ырайын эмес жаратылыштын абасын бузууга чоң салымыңды кошосуң.

      Ал эми, оюңду “оң” жагына бурсаң, “жоктун” каналынан “бардын” каналына автоматтык түрдө уланасың да “барды” жасап, кубанычыңды көбөйтүп, жыргал жашоо кура аласың. Өзүңдү өзүң жакшы сезе баштайсың. Ден соолугуң чыңдалып, үй– бүлөңдө бакыт, орноп, мамлекетиң өнүп өсөт, жыргал жашоонун пайдубалы түптөлүп, Ааламга кубанычтын сезимин жөнөтөсүң. Ал нерсе албетте, жаратылыштын төрт мезгилин өз калыбына келтирет. Сөз менен айтканда бул жомок сыяктуу. Бирок аны ишке ашырган адам кана бул нерсеге ишенет. Аны кантип жасоо, ал сенин турмуштук тажрыйбаңа, билимиңе жараша кана болот. Ал үчүн ишенүүң керек.

      Эки вариантты тең тез эле жасоо оңойбу?

      Албетте жок.

      Бирок мүмкүнчүлүк бар.

      Ар бир адам жашоодо өзүнө ыңгайлуу шартты кабыл алат жана түзөт.

      Албетте, бир сөз менен айтуу жеңил, бирок, кеп аны аткарууда, ишке ашыра билгендигиңде.


Скачать книгу