Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
өткөн сайын билим алуу менен “ойдун дүйнөсү” кайда экендигин, өзүмдү өзүм кечирүү, кечирим суроо, сүйүү, кабыл алуу менен түшүнө баштадым.

      Терс ойдун агымында жүргөн адамга ойдун “оң тарабына” өтүү бир канча эмгекти талап кылат. “Эч нерсе, эч качан жөн эле, өзү боло бербейт”, дегенге өз тажрыйбам менен ишендим. Аны ар бириңер өзүңөр байкап көрсөңөр болот.

      Кээ бири заматта болсо, кээ бирине убакыт керек. Ал адамдын түшүнүгүнө, жөндөмдүүлүгүнө жана иштөө аракетине жараша өзгөрөт.

      Тандоо өзүңдөн:

      Ооруу кыйынчылык керек болсо – “терс” ойдун агымын, чың ден соолук, бактылуу турмуш керек болсо – “ойдун оң тарабын кабыл ал”. Бирок, экөөбүң тең, “тең салмактап” алып жүргөндү билсең “эң сонун” болмок.

      Себеби, жаман айтпай жакшы жок. Жакшы болбосо, жаманды эмнеге салыштырасың? Кара болбосо актын баркын кайдан билмексиң? Караңгы түн болбосо, жарыкты кайдан барктамаксың?

      Тең салмакты сактап, баланста жүрүү үчүн, албетте турмуштук тажрыйба керек.

      Ал эми, мен, ал турмуштук тажрыйбаны “терс ойду” адегенде кабыл алып, андан кийин “жансыздандырып”, мээмдеги, денедеги терс ойлорду чогултуп денеден чыгарып, б.а. денени “бош кармап” денеден өтүп кетүүгө жол берип, андан кийин жашоомдун оң тарабына же ыңгайлуу тарабына буруп, денени тең салмакта кармоону үйрөнө баштадым. Аны кантип жасоо керектигин, түшүнгөн адам, китептеги сөздөрдүн маанисине карап иликтеп алат.

      Аны кантип жасоо керектигин өз тажрыйбам аркылуу жана башкалардын турмуштук тажрыйбасын пайдалануу менен мисалдарды келтирип түшүндүрөм.

      Жагып калса жасап көрсөңөр болот.

      Эгерде кимде ким өмүр бою ооруудан, ар кандай турмуштук проблемалардан кутулууну көздөгөн адамдар болсо, анын эмне үчүн ушундай экендигин түшүнгүсү келсе жана жашооңдо өзгөрүү болуусун кааласа, анда бул китеп “аркылуу өзүңдү түшүнүүгө кандайдыр бир деңгээлде жардам алышың мүмкүн”.

      “Чечим” кабыл алуу өзүңдөн.

      Эгерде денеңде чың дилиңден “чечим” кабыл алынса, “ичиңден улутунуу же терең дем алуу” менен белги берет, оор улутунуп, үшкүрүнөсүң. Ушундай белги болсо “жан дүйнөң” кабыл алды деп түшүн.

      Түш аркылуу дагы ар кандай белгилер болот. Баардыгын “жакшы жагына жору”. Кандай жоорусаң ошол жагына оойт, “белгилерге” да маани берүү зарыл, себеби дүйнө туш тараптан ар кандай мааниде түшүнүүгө жардам берет. Мисалы: астыңдан өткөн мышыкты кандай жоруйсуң? Корксоң сен ойлогондой окуя болушу күтүлөт. Анын ордуна “Оо кара мышык өтүп кетти, бүгүн буюрса жолум эң сонун болот!” – деп ойлосоң анда ал сенин пайдаңа иштейт, себеби, сен жамандыкты эмес, жакшылыктын каналына уландың. Алдыңда жакшы нерсе күтүп жатканына “көңүлүңдү бурдуң”. Эмнеге көңүлүңдү бурсаң, энергияң сенин ошол нерсеге уланат. Бирок, жаман түш жакында боло турган окуяны дагы алдын ала билдириши мүмкүн, ал мейкиндиктеги жакын арада боло турган образдын энргиясы. Ошон үчүн ал энергияны дене аркылуу дем алып, дем чыгаруу менен тез арада өткөрүп жибергенди билүү керек. Ал үчүн дагы билим керек, түшүнүү


Скачать книгу