Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
менен касташса, урушса, ички дүйнөдө ар бир аял өз денесин өзү экиге бөлөт. Өзү менен өзү урушуп, дененин “оң тарабы” менен “ сол тарабынын” бири – бири менен энергетикалык байланышы начарлап, белден өйдө жагы менен төмөн жагы бири – бирине болгон байланышы начарлап буту колдун оорушу, жатындын, белдин оорушу күчөйт. Бири-бирине болгон тирелишүү күчөйт. Ошон үчүн эки аял бир үйдө жаңжал салууга жөндөмдүү.
Жамбаштагы нур каналдарынын иштеши начарлап, жашы кырктан өткөндөн кийин кээ бир адам, айрыкча өзүн караганды билбеген адамдар “аксап” белине колун таянып, илең – салаң, араң, буту менен чарпып, аксап басат же, “карылык келди”, же “нервден ооруп калдым” деген шылтоо менен көзүнүн жашын көлдөтүп “параличти сыйлап” төшөктөн турбай жатууга аргасыз болот.
Ар бир эне, аял заты өзүң танда. Бул көрнүнүш учурунда билинбегени менен ушундай болуп калышы да мүмкүн. Эми бир аз да болсо түшүнүктүү болду го дейм. Ар кимге ден соолук “өзүнө” кана керек. Ошон үчүн “учур чакта” жашап, ойду тандаганды үйрөнүү зарыл. Ал эми ой, сезимге уланып денеге келген энергиянын сапаты ошого жараша болот, албетте андан ден соолук келип чыгат.
Кыймыл аракет, эергия, ой,сөз, сезим, тамак аш, мамиле, таза аба, жыйынтыгы келип баардыгы – ден соолукту түзөт.
Ар тараптуу мамиленин бузулушу – бул, бир эле үй бүлөдөгү аялдардын көрүнүшү эмес, бул деген бүткүл аял – эркек ортосундагы мамиленин бузулушу, эне менен баланын мамилесинин бузулушу, дүйнө, Аалам менен дененин байланышынын бузулушу, дененин экиге бөлүнүшү.
Маалымат бир эле адамдын денеси аркылуу бүткүл дүйнөгө тарайт, себеби, адам денеси нур толкундары аркылуу өзүнөн акыбалын дүйнөгө чачыратат.
Кимге “ден соолук керек болсо”, ойлонуп көргүлө.
Жазылган сөздөрдүн мааниси “өтө терең”, кайра – кайра окуп чыгууну сунуш этем. Себеби, улам кайталап окуганда капустанын кабатын сыйрыган сыяктуу, башка окуянын сыры ачылат, аны түшүнүү менен сен өзүңдү өзүң түзгөн тоскоолдуктардан бошотосуң. Коркунучтарың, жалган ишенимдериң кетет. Ал деген нерсе булчуңдарды бошотуп, ден соолукта болууга шарт түзөт. Канчалык булчуңдар жазылган сайын, кан айлануу жакшырат, кан айлануу жакшырса, нур айлануу калыбына келет, клеткалардын жаңыланышы тездейт.
Мына ушундай тартипте түшүндүрүү жүргүзүлө бермекчи. Эми, мындан ары ден соолуктун башаты кайдан келип жаткандыгына көңүл бөлүп түшүнүүгө аракеттенсеңер.
“Ан сезим” менен түшүнүү деген сөздү кандайча түшүнсө болот?
Ал деген адам канчалык көп окуган сайын ар кандай окуялар эске түшүп, өзүңдүн кетирген кемчилигиңди өзүн көрүп, эми кандай кылып жашасам деген жыйынтык келип чыгат, б.а. ушул күнгө чейин аткарылбай келген нерсени, өзүңдүн кана “оюңдун энергиясын” өзүң каалаган нукка буруу менен чечилип кетээрине шарт түзөт.
Бир сөздү, экинчи сөз менен алмаштырып ойлоо, сүйлөө тосулган жолдун ачылышына себепкер болот. Же болбосо баардыгына макул болуп, “эмне болсо ошол болсун” деген нейтралдуу “чечим”