Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
өмүрүн узартууга шарт түздү, өзүнүн урпактарына күч кубат берип, узак, бактылуу жашоого чыйыр салды.
Келинине ыраазылык билдирди. Бактылуу болуусун ниет кылды. Өзүнүн урпактарына сезими сенен “мураска – мен бактылуу – энемин!” – деген “маалымат” калтырды. Информациялык (маалымат), энергетикалык талаасында, эне менен баланын отросундагы мамиле чыңдалып урпактарынын ден соолугу чың болуп, бактылуу жашашына шарт түзүлдү. Ал тагдыр китебине өзгөртүлүп жазылды. Эми, финансылык байлык, материалдык байлык, урпактардын бай, бакубат жашоосуна өбөлгө түзүлдү. Ал деген денедеги чың ден соолук, бактылуу, жетишкен жашоодо жашоо.
Бир эненин ден соолугу, бактысы – бүткүл дүйнөдөгү энелердин ден соолугу, бактылуулугу, Жер Эненин бактылуулугу, Ааламдын бактылуулугу.
Бир адамдан бүт Ааламга “ сезим” менен нур аркылуу мааалымат таркайт, ошентип дүйнө түзүлөт, турмуш курулат, тагдыр жаралат.
АПА: Баланын апасы өзүнү оюн жашоонун оң нугуна буруу менен “өзү” күчкө толду, ишеними күчөдү.
Иштеп жаткан жумушуна кызыгуусу артты. Денесинде кан айлануу нормага келип, активдүү иштөөгө киришти.
Мүчө башы чыйралып, омурткасы көтөрүлүп басканы нормага келип калыптанды. Дем алуусу калыптанды. Жүрөгү тынчтанды, коопсуздануусу токтоду. Коркунучу кетип, мээнин кан айлануусу калыптана баштады. Мээсинин иштеши активдештирилип, эске тутуусу калыптанды. Желкесинин уюганы тарады. Көзүнүн көрүүсү жакшырды. Колу жумуш жасоого шамдагай болду. Денеси чыйралып, ишеними көчөдү.
Эмчектеги сүтүнүн ачуусу кетип, зырылдап ооруганы токтоду. Жатынынын ооруганы басылды.
Денесинин сол тарабы күч кубатына кирди. Мээсинин оң жарым тарабы активдүү иштей баштады. Өзүн – дененин сол тараптан паралич болуу ооруусунан сактады.
Эми, чоң энеге, аял затына ишенүүсү өзүнүн денесинин сол тарабына ишенүүсү. Бул, деген баардык аял затына , үй бүлөсүнө, тууган уругуна, айылына, мамлекетине ишенүүсү. Алла Талаага ишенүүсү.
Баласына ишенүүсү денесинин оң тарабына ишенүүсү, ал деген өзүнүн денесинин оң тарабынын, денедеги эркек энергиясынын айлануусунун нормага келүүсү. Кан басымынын өз нугунда иштеши. Боорунун тазаланып, өттүн, бөйрөктүн жакшы иштешине шарт түзүшү. Эки бөйрөктүн бир нугта иштөөсүнө күч кубат берүү. Эркек адамзаты менен мамлиленин калыптануусу.
Көрдүңөрбү бир “ойдон” – канча тагдыр өзгөрөт, турмуш курулат, ден соолук чыңдалат, келечек жашоо курулат. Ал эми ой башка нерселер менен да өтө тыгыз байланышта. Өзүңө, ата-энеңе, бир туугандарыңа, жолдошуңа, айлана чөйрөңө болгон мээримдүү мамилең – бул өзүңдү өзүң сыйлоо, баалоо, ден соолукта болуу деген сөз. Ошентип, жашоодогу баардык нерсе бири-бири менен өтө тыгыз байланышта.
Мураска эмне калат?
Материалдык байлык – бул көзүң көрүп, кулагың угуп, колуң менен кармап пайдаланган дүйнөң, буюм, акча, мал-мүлк ж.б.у.с. Андай адамдардын жашоосу көзгө урунуштуу, ошондуктан бай же кембагал