Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
түптүү адам, бүгүн бул жашоодо кедей үй-бүлөдө төрөлсө, эртеңки күнү бай болуп жашоосуна ишенет, аны ишке ашырып жашай алат. Ошон үчүн андай адамдар табышмактуу жана айлана чөйрөдөгүлөр үчүн шектүү. Көпчүлүктүн көңүлү ал адамга өзүнчө эле бурула берет. Алдын ала ой жүгүртө билген адамдар болсо “ушундан бир нерсе чыгат” деп коюшат. Көпчүлүк адамдардын тили менен айтканда бул “таланттуу” деп түшүнөт.
Ал нерсе сезим менен берилип “дененин маалымат талаасында” жазылып, ген аркылуу канга, тагдырга берилет. Ошондуктан, “мээр төгүп, сүйүү, ден соолукту, руханий байлыкты тартуулоо” урпактарга эң сонун “мурас” болуп калаарына шек жок. Себеби, ички дүйнөсү бай адам өзүнө өзү ишенген, эрки күчтүү адам болот. Ал сөөктөрү бекем, ден соолукка бай адам. Ден соолукту чыңдоонун жолдору бүгүнкү күндө өтө көп. Азыр, мындан ары “ден соолукта” болуш үчүн кандай аракеттерди, кам көрүүлөрдү жасап жатасың, өзүңдүн өзүңө болгон мамилеңе көңүл бөл.
Ким изденсе ал каалаганын сөсүз табаары анык.
Негизгиси, ар бир адам “өзүн өзү тыңшап, түшүнүп, өзүн өзү сүйүү – эң сонун жол” экендигин түшүнгөндөр, китепти окубай эле өз жашооңорду уланта берсеңер болот. Себеби, силер билген нарселерди эле майдалап түшүндүрүп жазам.Аны акылың менен түшүнөсүң, бирок кантип жасабай коюууну билсең анда сага жол ачык.
Ал эми, жеткиликтүү түшүнүк ала албагандар үчүн, жазууну улантамын. Ойлорун караштырууну сунуш этем, сезим менен иштеп көнүгүү жасап денесин керексиз маалыматтардан бошотуусуна көмөктөшсөм деген ниетимди уланткым келет. Себеби, сезими менен сезип, андан кантип бошонууну билбегендер көп.
Бүгүнкү күндө узак жашоо үчүн дүйнө жүзүндө ар кандай жолдор табылып, өмүрдү узартуучу түркүн тамак аш, витаминдер чыгарылып, эс алуу үчүн укмуштай сонун кооз жерлер саякатка чакырат. Албетте, аларды пайдалануу үчүн финансылык байлык, акча керек. Ал эми дем алуу үчүн, таза абада көнүгүү жасоого, эс алууга тоскоолдук барбы? Таза абада сейилдеп бассаң сенден бирөө акча төлө деп сурайбы? Үйүңдөн сыртка чыгайын десең, “Чыкпа!”– деп жолуңду бирөө тособу? Албетте, жок. Аны сен өзүң кана тососуң. Аны өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр. Эми ошол байлыктан пайдаланууга ким тоскоолдук кылат? Ойлонуп көргүлө. Бул ар бир адам жашоосунда туулгандан бар нерсе, ага уруксаат берүүчү да тоскоолдук кылып өзүн өзү “аң сезиминин түрмөсүнө коркунуч менен камоочу дагы – ар бир адам өзү!” экендигин мойнуңа ал.
Эмне үчүн мээнин иштешин активдештирүү керек?
Башың бүтүн болсун. Ар кандай жаракат алуудан өмүрүң өткөнчө сактан, себеби баш, мээ аркылуу бүт денеге иштөө командасы кетет. Мээ ден соолукта болсо калган жабыр тарткан органдарды ойдун таасири менен башкарып, жаңылап алууга болоорун көптөгөн адамдар өз турмушунда далилдеп келүүдө. “Алты башың аман болсун!” – дегендей ар кандай шартта башыңды сакта. Башка таяк жегизбе, бирөөнү башка урба. Айрыкча жаш баланы башка чапоо керек. Мээни жакшы иштетүүчү керектүү тамактарды же. Балалуу болоордон мурун эненин ден соолугун чыңда, мээси