Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
заман болсо такыр башка нукка бурулган, көпчүлүк адамдар кантип ийилчээк болгонду каалабагандыктан эски багытта өнүгүп жатат. Ал эми, өспүрүмдөр башка “нурлардын толкунунда төрөлүп, аларга ата-энеси алып берген машина, куруп берген үйү керек эмес, болгон нерсенин кадырына жетип, кантип баалаганды билгендери дагы аз санда. Себеби, ар бир наристе бул жашоого өздөрүнүн максатын ишке ашыруу үчүн келген. Ошондуктан, көпчүлүк жашатарга ата-эне таңуулаган эски жашоого болгон көз караш керек эмес жана алар жашоонуну башка алкагында төрөлгөн. Ошон үчүн кээ бир ата-эне балдары менен келише албай кыйналат. Жаштар бул жашоого өздөрүнүн программасы менен келгендиктен, өздөрүнө керектүү жашоодон турмуштук тажрыйба алууга тийиш. Ата-эне баласын “Бул мындай нерсени билейт!” деп ойлосо, ал нерсе балага “Кантип эле чоң адамдар бул нерсени түшүнбөйт!”– деп кыйналышат. Ошентип жашоонун жеңил жана оңой жолун издейт. Алар жашоону жаңы көз караш менен көрөгөндүктөн ата – энеси билбеген нерсени жасагысы келет. Ар бир бала бул дүйнөгө өздөрүнүн адамдык касиетин ачып, чыгармачылык менен иштеп, жашоонун ырахатын көрүү үчүн келет. Жашоодон талган турмуштук тажрыйбасы аркылуу ата-энеси турган алкактан жогору чыгып, өзүнүн аң сезиминин деңгээлин жогору көтөрөт.

      “Аң сезими” өнүккөн, ийгиликке жетишкен ата-эненин урпактары болсо, жашоого көз карашы жаңыча жана бүгүнкү күндө заманга карап өздөрүнө ыңгайлуу, пайдалуу жумуш жасап, турмуш шартын жакшыртуунун аракетинде.Албетте, андай жаштарга ата-эненин турмуштук тажрыйбасы пайдалуу жана тезирээк жашоонун жаңы деңгээлине өтүүгө жардам берет. Ар кандай жаңы өзгөрүүгө ийилчээктик менен мамиле жасап, жаңы нерселерди кызыгуу менен жасап үйрөнөт. Ошого карата мээнин иштеши айырмаланат. Кээ бир бала кичинекейинен аңкоо болсо, кээ бири өтө зирек, сезимтал болот. Балдарды урушаардан мурун өзүңөрдүн акыбалыңарга көңүл бөлсөңөр, себеби ар бир бала, өзүңдүн жашооңду улантуучу.

      Мындай нерсени түшүнө албаган ата-эне бир убакта өздөрү жете албай калган максатына жетүү үчүн уул кыздарынын, неберелеринин жардамы аркылуу ошондогу каалоо, ой – тилектерин ишке ашырып келүүдө. Бул нерсени “тагдыр”(карма) деп түшүнөбүз. “Ата же эне кесибин уланттым!”– деп кээ бири сүйүнүп айтса, кээ бири көңүл кош айтат. Себеби, сүйүнгөнү ал сүйгөн кесибинде эмгектенгени, чарчап, көңүл кош болгону, ал башка бирөөнүн программасы менен жашаган адам болуп эсептелет. Себеби, “сүйгөн кесипте иштеген адам эч качан нааразы болбой изденип, чыгармачылык менен, кесибин сүйүү менен иштейт. Ал эми,”жоопкерчиликти мойнуна асып, күч менен иштеген адам, чарчап, эртерээк эс алууну каалайт. Андай сезимдер ар бир адамдын ичинде, ички дүйнөсүндөгү өмүрү. Кесибиң жакпаса жаш курагыңа карабай, каалаган убакта башка кесипти тандоого болот, ал өзүңдүн кабыл алган чечимиңе жараша болот. Узак, ден соолукта жашагың келсе, сезимиңди байка.

      Бул, жашоо, турмуштук өнүгүү. Кээ бири “аң сезиминин” өнүгүүсүнө карап каалаганына эрте жетсе, кээ бири эми тамыр алып, мөмөсүн жеп көрүүдө. Ар кимдин өнүгүүсү,


Скачать книгу