Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
деле мени урду деп ыйлай берет”– деп шылдың кылышат.

      Ошон үчүн “тилде сөөк жок” – деп ар кандай сөздүн маанисине көңүл бөлбөй сүйлөгөндүн ордуна ден соолукта болгуң келсе сөзүңө көңүл бөл. Бирөөгө айтылган сөз өзүңдүн денеңдеги денени бузууга айтылган сөздөр экендигин дайыма эсиңде сакта! Бул жашоонун закону. Себеби, сенин оозуңдан сөз чыкты, денең аны аткарууга киришет. Ошон үчүн бирөөгө жамандык кылаардан мурун өзүңө өзүң эмне деп жаткандыгыңды байка же өзүңдүн үнүңдү өзүң уга бил. Ар бир адамга айтылган сөз өзүңдүн денеңе берген командаң экендигин эстей жүр. Дене сөздү угуу менен активдүү ишке киришет.

      Эми, Пезешкиандын анализи боюнча кандай сөздөр кандай оорууларды пайда кылаарына көңүл бөлөлү:

      Кускум келет, көңүлүм айланат, тамакка жетти, тамакты кысып калды, жанды кейитет, жаным кашайды, жаным карайды – ар кандай нерв оорууларына, нервдин анорексиясынын пайда болушуна шарт түзөт, ошондой денедеги нур айлануу каналдарынын иштөөсүн өз нугунан чыгарат, жан дүйнөдө баш аламандык болот.

      Көйгөйүм башымдан ашат, жүгүмдү кантип бирөөгө өткөрөм, кыйналам, күчүм, алым жок, өзүмө да ишенбей кетем – остеохондроз, остеопороз, ар кандай сөөк оруулары, омуртканын иштешин начарлатат, ошондой эле Жер, Алам менен болгон энергетикалык байланыш начарлап, өзүнүн чыныгы адамдык күчү, ишеними азаят

      Бир нерсе кыйнап жатат, эмне экенин билбейм, жашоом ууланган, бешенемди кудай урган, өзүмө өзүм ээ эмесмин, өлөрчө тойдум, өлгөнчө тойгуздуң – рак орууларынын пайда болушуна шарт түзөт, максаттын жоктугуна, энергиянын айланпага түшүшүнө шарт түзөт. Энергия алдыга жылбаса, албетте ал жарылууга, баш аламандыкка келүүсү күтүлөт, себеби, ал тынымсыз келип кетип турушу зарыл.

      Жедиң го мени, өзүмдү жек көрөм, мен аны көргүм келбейт, көрсөм көңүлүм айланат, окшутат, кускуңду келтирет, жек көрөм – ар кандай язва, жараларды пайда кылат, тагдыр бузулат, көзгө зыян келтирет.

      Бөйрөгүмдө бир нерсе отурат, бөйрөгүм капшырылат, сийдигим башыма чыкты, көйгөйүм башымдан ашат, күчүм жок, сойсоң кан чыкпайт, жийиркенем – урологиялык, жыныстык ооруларга алып келиши ыктымал

      Кислородуңду жаап коем, сага аба жетпей калбасын, чүчкүрдүм сага, түкүрдүм, жек көрөм, өч алам – бронхиалдык астма, өпкө оруулары, дем алуу, дем чыгаруунун бузулушуна шарт түзөт

      Каныңды ичем, согуңду чыгарам, сен менин каныма жеткирдиң, жанымды ачыттың – ар кандай кан оорууларына, ак кан, анемия, кан басымдын төмөн же жогору болушуна шарт түзөт, жашоого болгон нааразылык күчөйт

      Жүрөккө жакын кабыл алуу, жүрөгүм жарылат, жүрөккө чаптың, жүрөккө бычак менен урдуң, кысып койдуң, кысып атасың – инфаркт миокарда, жүрөктүн ритимдүү согуусун начарлатат,ар кандай жүрөк оорууларынын пайда болушуна шарт түзүлөт

      Ал кыймылдап да койбойт, кабагым кашым дебейт, мен анын ордунда болгум келбейт, териси жука, анын аласы ичинде же сыртында, таза эмес, жийиркеничтүү – ар кандай тери орууларына, аллергияга алып келиши күтүлөт

      Башым катты, башымды койдум, башыма урсаң да эч нерсе чыкпайт, ал турган турушу менен баш ооруу,


Скачать книгу