Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
көрөйүн, өлүк канаңды көрөйүн – жашоонун энергиясын жабат, ден соолукка зыян кылып адамды ар кандай оорууга түртөт

      “Энеңди, атаңды сөзгө кошуп айтып уят сөздөр менен сөгүнүү” – жыныстык органдардын иштешин начарлатат, эркектерде бөйрөк, табарсык, аялдарда жатын, бөйрөк оорууларын пайда кылат.Жыныстык органдарды сыйлабагандык урпактардын тукумсуздугуна, кызтекеликке, гейлердин дүйнөсүн курууга алып келет.

      “Мени какшаттың, тилимди сайратпа, тамагың буулуп калсын, тилиң кайрылып калгыр” – тилдин ар кандай ооруларына шарт түзөт, тамак ооруулары пайда болот, үн чыгаруу, кызыл өңгөч жабыр тартат, адам өзүнүн оюн ачык айта албай, адамдык касиетин, талантын ача албай калат. Эркин өз оюн айта албай, тартынчаак, жалтанчаак болуп калышы мүмкүн.

      “Көзүң кашайгыр, көзүң көрбөй калса экен, көр болгур, көр, сокур, караңгыда карбаластап калсаң экен” – ар кандай көз оорууларына алып келиши күтүлөт, келечек жашоого ар кандай коркунуч туудурат, көз айнек тагууга туура келет.

      “Кара-жерге кир, жер жутуп кетсин, карайып кал” – адамдын өнүгүү, өсүү жолу тосулат, иши жүрүшпөй, коркунучу күчөп, ар кандай кырсыктарга дуушар боло баштайт. Жашагысы келбей калат, каргыш аркылуу жашоонун энергиясын жабууга жардам берет.

      “Бутуң баспай калсын, шал болуп калсаң экен, бутуң сыныр, такымың сынсын” – мындай сөздөргө дене сөзгө катуу маани берет, уккандан кийин аны аткарууга кирет. Ар кандай буттарга байланыштуу көйгөй көбөйөт, Жер менен болгон нур байланыш начарлайт, иши жүрүшпөй, бут мээнин сигналын укпай ойлобогон жакка басат, машинаны көрүп туруп, басып кетип ар кандай аварияга туш келиши мүмкүн, финансыда көйгөй башталат.

      “Көк мээ, башың иштебейт, башың жок” – албетте, мээге келген энергетикалык нур толкундардын каналы жабылат же начарлай баштайт. Андай сөздү укканда дене жабылат, өзүн өзү коргоого өтүп, айтылган сөз кулактын сыртынан кетип, сөзгө маани бербей калат. Кайра кантип ачылууну баардык адам өздөштүргөн эмес. Ошон үчүн кайра кантип ачканды билбей же унутуп калып, көнүмүш адатка айлантат. Жыйынтыгында маңыроо болуп, башың көп нерсени кабыл ала албай кыйналат. Андан кийин адамда алсыроо, өзүн начар сезүү, эч нерсе кылгысы келбегендик башталат. “Мага баары бир” – деген программа ишке кирет.Алдына максат коюу жоголот. Максаты жок адамда энергия башкаруусуз калат дагы, баш аламандык башталат. Ал деген келечеги жок адам дегенди түшүндүрөт. Өзүн “менин эч кимге керегим жок” деп түшүнүп, кыялдануусу жоголуп жер карама же жалдырама боло баштайт деген сөз.

      “Башы айланып калган мунун, башыңды айлантып койдум, башын айлантып койгон”– бул сөздөр башка келген нур толкундардын агымын бузат, баш аламандыкка алып келет. Адам өзүнүн оюн башкара албай, бирөөлөрдүн айтканына тез көнөт, себеби , ага маалымат келүүчү нур толкундун агымы бузулган. Мындай сөзгө ишенип алган адамга жаңы идеянын нуру келбей калат.Ал эми, жаңы идея – бул жаңы жашоонун башталышы, жаңы адамдар менен байланышуу болуп эсептелет. Эгерде, “Чын эле башым иштебейт турбайбы” – деп айлана чөйрөдөгүлөрдүн


Скачать книгу