Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
убакыт өткөндөн кийин көп жылга чейин унутулуп кеткен.
Бир канча жолу Кыргызстанга кетем деп даярданып жолго чыга албадым, 2006– жылы 27 декабрда дагы билет алып кетем деп , вокзалдан кайра артыма кайттым. Себеби,эжем Насипкан жөнөткөн 6.0 миң рубль акча билетке жетпей калды. Билеттин баасы ошол күнү 9.0 миң болуп калыптыр. Ошентип дагы кете албай калып калдым. Финансы жагынан дайыма акча иштеп табууга ар кандай тоскоолдуктар болуп жатты.
Мен бул табышмактын сырын чече албай андан кийин дагы 5 жыл жүрдүм. Бара-бара “коркуу” менен көп нерселерди кантип өзүм түзүп жаткандыгымды түшүндүм.
Эмнеге кете албайм? – деп өзүмө өзүм көп жолу суроо бердим… Мурдагыдай финансы жагынан деле кыйынчылык жок. Ошентип, өзүм айткан жетинчи жыл да келди. Ноябрь айында бул нерсе өзүм түзгөн 7 жылдык программа экендигин түшүндүм. Кантип ойлонуп, кайсыл сөздөрдү айтканымдын кээ бири эсиме түштү. Түшүнгөндөн кийин, мен аны кантип токтотом, ал программаны кантип өчүрөм? Билбейм?
Ар кимден жардам сурадым, жолуңду ачып беремин деп, өтө көп акча сурагандар да болду. Сени жолго салыш үчүн 220 000 акча төлөсөң жардам берем, дегенди уккандан кийин, ойлоно баштадым. Мектепте окуган Толубай сынчы кантип, күлүк атты сынаганы эсиме түштү. Жердин астындагы үндү кантип Жерге жата калып тыңшаганын ойлодум. Андан кийин илгерки жомоктордогу өсүмдүктөр, жаныбарлар менен адамдар кантип сүйлөшкөнүн эстедим. Ал убакта адамдар кантип жашаган. Азыркыдай билим жок, түшүндүргөн китеп, радио, телевидение, компьютер жок – демек, “өзүм түзгөндү өзүм оңдосом болот” болуш керек деген үмүттүү сезим келди.
Дагы бир мага түрткү берген нерсе, карта Таро менен ачкан аял, мага картасын жая салып, мына көрдүңбү, сага эч кандай жол жок. Кете албайсың. Кетсең кырсык турат. Ортодо кана “Д” менен “К” турат, туш тарабыңдын баары тосулган, сени өлүм тороп турат деп айткан. 6000 рубль берсең, мен аракет кылып көрөм деди. Ал убакта ушунчалык, жолум тосулгандыктан 10 рубльга нан алганга соода кыла алчум эмесмин. Себеби, мен андай нерселерге убагында ишенгем. Коркунучум күчтүү болгондуктан, ар кандай жолдор менен адамдардан жардам сурагам. Баардыгы акчага келгенде, токтоп калчу. Эми, ошол убакта акчанын болбой калгандыгына “ыраазымын”. Ал кезде мага “Башың иштебесе буттун шору” деген макал мага туура келген. Өзүмдө болгон нерсени укпай, башкаларга ишенүү менен жаным кыйналганын кийин түшүндүм. Ал этапты көрбөгөндө албетте, азыркыдай изденүү, түшүнүү, өзүмдү өзүм кабыл алуу болмок эмес. Өткөн тажрыйбама эми ыраазымын, себеби мен сыяктуу башы айлангандар арабызда арбын жана аларга түшүндүрүү үчүн ошондой жашоонун укмуштарын көрүү керек болчу. Мен аны түшүнгөндөн кийин кана аң сезимимдин коркунучунун деңгээлинен чыга баштадым. Коркунуч кандай камакка салып кое тургандыгы мен үчүн ачык көрүнө башатды. Ичимден айтылган үндүн тууралыгына ишене баштадым. Себеби, ар дайым жол бар! Чыгып кетесиң изден! -деген сезим дайыма келе берчү.
Мына ошондон кийин психологиялык китептерди окуп, ар кимдерден ар кандай ой