Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
“бешенеге кудай жазган – тагдыр” деп түшүнчүмүн.
Себеби, коом ошондой, ата-энем, айлана чөйрөм баардыгы, көнүмүш тартипте өнүгүп, “ушундай болуш керек!” – деген ишенимдүү “түшүнүктө” жашап келет. Ал түшүнүктү менин мээме сиңирип, жашоомо таңуулап программа кылып киргизип келген. Мен ал турмушка макул болгом, “турмушуң эшек араба туулдуң калдын балээге” дегенге ишенчүмүн жана ал сөздөрдү көп пайдаланчумун. “Бешенеге жазганды көрөм да», -деген сөз мен үчүн көнүмүш адат эле, себеби “жазалоодон, күнөөдөн, уят, ар –намыс, элдер сөз кылат” деген сезимдерден өтө коркуп жашаганмын.
Тагдырымды өзүмдүн оюм, сүйлөгөн сөзүм менен таксыктап, түзүп жашап жатканым жнүндө ойлоп дагы койгон эмесмин. “Жашоо” деген ушундай болот турбайбы, деп көпчүлүктүн агымында “үзүлбөгөн ҮМҮТ” менен жакшылыкты, байлыкты, бакытты, сүйүүнү качан келет деп, “күтүп” жашап келгем. Ал нерсе “учур чак” менен ар бир көз ирмемде мен аркылуу түзүлөөрүнө маани берип терең түшүнүүнүн ордуна арызданып, күнөөлүүнү издеп жашап келгендигимди түшүндүм…
“Бир күн ооруу бир күн соо”, деген макал мага тиешелүүдөй сезилчү. Эки саат ооруп үйдө тоголонуп жатсам, эки сааттан кийин эч жерим оорубагандай, куландай соомун, кийген кийимиди алмаштырып көчөгө чыгып, күнүмдүк турмушка аралашып кетчүмүн. Кээ бир мени тааныган адамдардан “сен куулуп жүрөсүң” деген ар кандай эмоцияда айтылган сөздөрдү угуп да жүрдүм. Кээ бирине таарынсам, кээ бирине таү кала карап койчумун. Өзүмдүн эмне болуп жатканыма көңүл буруп анализдөөнү ал убакта көңүлүмө өтө жакын алган эмесмин.
Учурунда мен аны кантип, кандайча жасап жүргөнүмдү түшүнбөстөн болницага жатып, укол дарыларды алып, таблеткалар менен дарыланчум. Качан организимим дары дармекти кабыл албай, укол деген денеге таркабай, венага ийне киргенде “онтогон уйдай болуп” белимди бүкчүйтүп, оорукананын керебетине тоголото жаткыра койгонго чейин “денемди” укпай жүрө бергенмин. Капельница алганда тамагымды бууп, кызыл өңгөчтө шарик сыяктуу бир нерсе тосуп, тамагымды бирөө муунтуп жаткансып буулсам да, көзүмдөн жашымды тоголотуп жата берчүмүн. Азыр өтүп кетет, чыда?! – деп өзүмдү өзүм алдачумун.
Кээде “ык тутуп” же “кекирсем” да, дененин берген белгисин түшүнбөй, денем каршылык көрсөтүп жатканын түшүнгөндүн ордуна, “Мага эмне болду?” – деп жанымдагылардан сурачумун. Ал убактар 1997– 1999 жылдар ичинде көбүрөөк болду.
Көрсө: “Денем – дарыга толду!”, “Болду!”, “Токтот!” деп белги берип жатканы экен. Ооруу кыйнап, өлүм сени кекиртектен алып коркутмайынча, адам баласы “өзүн өзү түшүнгүсү” келбейт турбайбы. Качан өлүм коркунучу көз алдыма келип, өзүмдүн өлүп кепинде жатканымды жогор жактан карап, өз көзүм менен көргөнгө чейин түшүнгүм келген эмес. Коркконумдан докутрлардан сырткары, ар кандай ырым-жырымдарды пайдаланып, молдо– башкыларга чейин кайрылгам. Өлүм коркунучу ар кандай шартта үч жолу кайталанып, белги берилгенден кийин кана “акылыма келип, мен өзүмө өзүм – денем менин дарыга толуп бүтүптүр, эми укол дары алганды токтотоюн!” – деген “жыйынтыкка” келгем. Жашагым келип, “өлүмдүн ордуна –жашоону тандагам!” Бирок, бул коркунучум тез арада азайган эмес. Өлүм коркунучу күчөгөн убак көпкө созулган.
Албетте,