Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
эмне үчүн ооруй берем?” деп сурасаң, мээге ушул суроо кетти. Компьютерден, телефондон кантип суроо берип жооп аласың, денеде да программа дал ошондой иштейт. Оорууну сурасаң оорууну берет, ден соолукту сурасаң ден соолуктун программасы ишке кирет. Кандай суроо берсең ошол активдештирилет. Ошон үчүн “Мен эмнеге ооруй берем?” деп сурагандын ордуна – “Мен кантип ден соолукта болуп жатам? “Мен качан ден соолуктун толкунуна уланып калдым?”– деп сураган эффективдүү.
Оорууну кантип пайда кылгандыгыңды түшүнгүң келсе:-
“Мен кайсыл кыялым менен ушул оорууну пайда кылып алдым?” – деп сурасаң, ооруунун очогу, булагы кайдан башталганы өзүңө сезилет, кыялыңа элес болуп келет же түш аркылуу белги берет. Бирок, коркунучтардан улам арылып туруу керек. Качандыр бир убакта болгон окуя эсиңе түшөт, айлана чөйрөдөгү адамдар же болбосо жакын адамдардын сөзү аркылуу белги болот.
Ошондой эле төмөнкү суроолорду, бир нерсени түшүнүү үчүн же алдын ала билүү үчүн пайдалансаң болот. Мисалы:
– Мен киммин? – деген суроого жоопту кантип таап алдым?
– Каяктан мен эмне иш кылаарымды алдын ала билип турам?
– Кантип мага эмне керектигин тез эле билип алдым?
– Ооруу мага эмнени үйрөтүү үчүн келди?
– Ден соолукта болуу үчүн мен эмнелерди жасап жатам?
– Жашоого кантип ыраазы болуп жашап калдым?
– Кантип күлүп, кубанып, ыраазы болуп жашап жатам?
– ОО, мага жаккан көйнөк кайдан келип калды?
– Сүйүнүп, ырахаттанып кантип ыраазы болуп жашап жатам?
– Ыраазычылык ден соолукка кандай пайда берээрин кантип билдим?
– Качан, кайсыл убакта, кайсыл жерде өзүм үчүн кам көргөндү билемин?
– Өзүм үчүн кам көрүү – бул башкалар үчүн кам көрүү экендигин кантип билдим?
– Кантип байып кеттим?
– Акчалар кайдан өздөрү эле мага келип жатат?
– Кантип жаңы машинанын ээси болуп калдым?
– Кантип тез эле үй алып алдым?
–“Жаным”+ “денем” менен бирге узак жашоосу үчүн өзү жөнүндө кантип укмуштай сонун кам көрүп жатам? – деген сыяктуу суроолор адамдардын көңүлүн көтөрөт жана тамаша аркылуу эмоция менен айтылат Ал эми, эмоцияда айтылган сөздөр тез аткарылууга кетет. Мына ушуга окшогон суроолор менин ден соолугумдун оңолуусуна чоң жардам берип келүүдө. Көңүл бөлгүлө. Суроолор “учур чак” менен, позитивдүү айтылуусу зарыл. Ушундай суроолорду бергенде сезимиңерди байкап көргүлө. Кубаныч пайда болдубу?
Ден соолукта болуу үчүн менин “оюмдун тазалыгы”, сөзүмдүн ачык, айкын тактыгы”, “эмнени каалаганды билгендигимде”, “максатымдын өзүмдүкү экендигин так ажырата алганымда”, жасаган ишимдин өз учурунда жасалышы”, “бирөөдөн жардам күтпөй керектүү жерде өзүмдүн аракетим менен жасоо” керек экендигин түшүндүм.
Ден соолук бул – физикалык дененин дени сактыгы, беш сезимдин – угуу, көрүү, жыт билүү, даам сезүү, сезимдин өз нугунда иштеши.
Албетте,