Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
кийин айлам кетип, таянган тоом кулап, жасаган турмушум урап кеткендей эле болду.
Кудайга өлүгүмдү артып, баардыгын кудай кылган деген шылтоом түгөнүп, мурдагы түшүнүгүм, түп тамырынан урап, кулады. Эмне кылаарымды билбей туңгуюкка кабылдым.
Көргөн түштөрүмдө ураган, кулаган , суу астында калып, сел каптап, өрттөнгөн үйлөрдү, кээ бир буюмдарды, нерселерди көрө баштадым. Мага эмне болуп жатат? – деп кээде маектешкен адамдарымдан сурайм. Кээ бири туура түшүнүк берсе, кээ бири кайра коркутчу. Кээде эмне болуп жаткандыгымды түшүнбөй мага түшүнүк бергендерди күнөөлөп, күмөнсүрөөм күчөп, эмнеге ушундай адамдар менен сүйлөшөм деп өзүмө капа болчумун. Мындай нерсени билбей эле жүрө берсем, оорусам да тынч жүрөт элем дечүмүн. Кээ бир күндөрү түн уйкумдан безип, түнү бою денемде өзгөрүүлөр жүрөт, ооруулардын дене аркылуу кантип кайсыл жеримден жылып чыгып кетип бара жатканын сезем. А бирок эртең менен кадимкидей эс алып, уйкум канып калгандай сергек турам. Ошентип бир ооруудан кутулсам күтүлбөгөн жерден экинчиси пайда болуп жатты. Бирок, “билим алуу”, “аң сезим менен түшүнүүнүн” касиети канчалык деңгээлде жогору экендигин, ден соолуктун оңолушуна кандайча пайда берип жаткандыгын, өзүмдүн басып өткөн тажрыйбам менен тактап, анализдеп отуруп түшүндүм.
Ар кандай ооруу козголгон сайын ар тараптан иштөөнү күчөттүм, издендим, ар кандай ден соолукту чындоочу БАД (биологиялык активдүү кошулмаларды), натуралдык витаминдерди пайдаландым, ар кандай денени чыңдоочу, дем алууну калыптандыруучу физикалык кыймыл менен көнүгүүлөрдү жасап, дем алып, дем чыгаруума көңүл бөлүп, таза абада дем алып, жөө басып денемдин чыңдалышына кубат бердим.
Дем алып дем чыгаруу энергиянын денеде кан жана энергия айлануусун калыптандырат. Ар кандай физикалык денени калыптандыруучу көнүгүүлөр, энергетикалык каналдар менен тазалануу, суу от менен тазалануу жардам берди. Атайын бул тармакта иштеген адамдардын жекече жардамынан дагы пайдаландым. Себеби, көп нерсени түшүнүү үчүн ар кандай тармактагы адамдар менен мамиле түзүп, билим алып “аң сезимдин чек арасын кеңейтүү” зарыл.
Таарынган адамдарым күнөөлүү эмес экендигин түшүнгөндөн кийин, эч кимге күнөө кое албай, жада калса өзүм дагы күнөөлүү эмес экендигимди түшүндүм. Желкемди басып турган тонналаган жүктөр түштү. Кээде мүнөзүмдүн терс жактары вулкандай тез жана бийик атылып жашоомо тоскоолдук берет. Кээ бирин өз убагында түшүнүп токтото алсам, кээ бирин түшүнгөнчө, ал терс энергияны нейтралдаштырганча адамдар менен болгон уруш, талаштар, конфликтер болуп кетип, көзгө жаш алган күндөр көп эле болгон.
Жогорудагыларды түшүнгөндөн кийин, менин жүрөгүмдү өйүгөн суроо “Эми, кантип жашайм ?”-деген суроо болуп калды. Кандай кылсам экен?
Канткенде кыйналбай жашайм?
Жашоонун оңой жолу болсо керек?
Бактылуу жашаган адамдар кантип жашаар экен?
Же алар менден өзгөчөбү?
Алардын өзгөчөлүгү эмнеде? Сыры эмнеде?
Мен