Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
эмнени айтып жатат, мээси жайындабы?– дегенсип басып кетишти. А менде болсо, ошондон кийин жүрөгүмдө сүйүнүч пайда болуп, мен өзүмө “жыйынтык жасадым”, демек «УЧУР ЧАК» – бул жашоо – бул менин сезимим менен жаралган образ, Ааламга өзүмдүн кандай акыбалда экендигимди билдирген маалыматым, мага эмне керек экендигин билдирген каалоом, сезимим менен жөнөткөн билдирүүм, менин акыбалымды Ааламга жөнөткөн нур байланышы, канал, жашоо экендигин түшүндүм.
Бул менин тагдырым, мен өзүмдү кандай сезсем ошол информация менин денелериме, ДНКама, маалымат талаама жазылды. Демек, мен учур чак менен секунда сайын өзүмдүн тагдырымды өзүм түзүп жатам, денеме тагдыр кылып жазып жатам. Бир эле убакта мен Ааламдын ошол “толкунга” уланып, ал жактан өзүмдүн “сезимиме жараша” жашоону алаарым мага анык болду.
Ал жыйынтыкка келгенден кийин дагы албетте, мага далил керек болду, ар кандай китептерден, интернеттен, практикалык тренингдерден, психологиялык анализдөөлөрдөн өттүм. Дагы эле изилдөөмдү улантуудамын, себеби ар бир адам ачылбаган сыр сандык сыяктуу. Адамдар менен сүйлөшө келсең ар биринен ар кандай укмуштарды угасың.Айрыкча өздөрүнүн тагдырын өздөрү чечмелегенде менин айткандарым алар үчүн таң калаарлык болбостон өздөрүнүн тарыхын айта башташат.
Менин алган түшүнүгүм өзүмдү канааттандырды, себеби руханий жактан өнүгүү жолундагы ар кандай улуттун, ар кандай мамлекеттердин адамдары бирдей түшүнүктү беришет. Ар ким ар кандай өнүгүү жолу менен өзүнүн ким экендигин түшүнүп, өзүн өзү кантип тааныгандыгы жөнүндө айтышат. Жыйынтыгы бирдей, мааниси бирдей, алар ой, сөз, сезим, түшүнүү аркылуу ушундай жыйынтыкка келгендигин билдиришет. Болгону ар кимдин жашоо шарты ар кайсыл мамлекетте, ар кандай улуттун өкүлдөрү, бирок система бирдей. Себеби, бири-бирине эмоционалдык, психологиялык, тарыхый маалыматтары окшош адамдар окшош энергиялардын алкагы менен байланышкан. Ошон үчүн андай адамдар бириң бири менен кийген кийими, баскан турганы, сүйлөгөн сөзү, келбети менен окшош болушат. Андай адамдарды “двойниктер же сенин эгизиң” экен деп да коюшат. Эми, сен кайсыл системага кызматкерсиң ал өзүңө белгилүү.
Ошентип, тагдырды ар бир адам “учур чак менен өзү жаратаарына ишендим!” Албетте андан башка дагы, тагдыр ата-энеси, ата бабалары тарабынан өтөөрү да анык. Бул китеп аркылуу өзүбүздү өзүбүз таануу менен өзүбүздүн дене түзүлүштү, башка дүйнөлөр менен кантип байланышаарыбызды үйрөнүп барабыз. Ал да өзүнчө чоң тема. Мүмкүн болушунча эң жөнөкөй тилде жазуу мен үчүн дагы жеңил, себеби илимий деңгээлде жазуу үчүн өтө чоң материалдар жана жогорку деңгээлдеги билим керек. Ошон үчүн өзүмдүн түшүнүгүм менен жазып түшүндүрүү мага жеңил.
Убакыт өткөн сайын мен үчүн ар бир адам өзүнүн маалымат талаасында толук өзүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматты, информацияны алып жүрүүчү, өзүнүн тагдырын түзүүчү өзү, экендиги мен үчүн белгилүү болду. “Өткөн чактагы”, “учур чактагы”, “келер чактагы” жашоо, баардык маалыматтар