Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
сезимин күчөтүү зарыл. Жамандын ордун жакшы бассың десең эмоцияңды көңүл көтөрө турган жакка бурган пайдалуу.
Бул сенин тагдырың + Бул менин тагдырым +Бул биздин тагдыр + Бул үй бүлөнүн тагдыры + Бул урпактардын тагдыры + Бул мамлекет тагдыры + Бул Аалам тагдыры + Бул бешенеге кудай жазган тагдыр. Чындыгында ар бир жашоонун булагы өзүңдүн аракетиңе жараша ар кандай жашоого өзгөрүүгө ийкемдүү.
Мен + Сен +Ал + Биз + Баардыгыбыз биригип бир бүтүндүк Аалам – адам денеси менен байланышкан жашоо.
Ошондуктан, “Биз биргебиз!”, деп айтканда – дене бөлүнбөстөн чогуу иштейт. Ички жана сырткы дүйнө биримдикте, гармонияда болот. Рух, Аң сезим, Акыл, Жан дүйнө, физикалык жана энергетикалык денелер бири-бири менен болгон байланышы чыңдалып, калыптанат.
Дененин биримдиги – бул аба ырайынын өз нугуна түшүшүнө жардам берет. Ар кандай жашоодогу көйгөйлөрдөн сактап, жаратылыштагы кубулуштардын өз нугунда калыптануусуна жардам берет.
Аял – эркектин күрөшүнүн токтошу, атаандашуунун токтошу, ички жана сырткы дүйнөнүн тынчтанышы, дененин оң жагы менен сол тарабынын бири– бири менен синхрондук тартипте ритимдүү байланышып иштеши, ден соолуктун чыңдалышы.
Аял-эркек тең укутуулугу өзүңдөн тараган урпактарыңдын ден соолугу, бактысы, байлыгы, тең салмактуулукту сактап, ички дүйнөсү бай болуп, материалдык дүйнөдө бай жашоосу.
Ооба! Дал ошондой ! Мен бактылуумун! Ден соолукта болууга өзүмө өзүм уруксаат бердим! Менин ден соолугум чың! Мен ден соолуктун ээсимин! Мага ден соолук! Сага ден соолук! Ага ден соолук! Бизге ден соолук! Баардыгыбыз ден соолуктабыз! Биргебиз! Биримдиктебиз!
Мен өзүмө өзүм бай болууга уруксаат бердим, себеби, төрөлгөндөн байлыктын толкунунда жаралгам. Мен байлыктын ээсимин! Себеби менин терилеримдеги, булчуңдарымдагы, сөөктөрүмдөгү коркунучтун маалыматтары толук денемден чыгып кетти. Эски жан кыйнаган сезимдерден толук арылдым.
Ушул көз ирмемден баштап, бактылуу, бай, ден соолукта жашап жатам! Баардыгына ыраазымын! Ар бир көз ирмем мен үчүн бактылуу жашоо тартуулап жатат! – деген ой, сөздөрдү айтуу менен өзүмдү өзүм “ишендирем”, “бекемдейм”, сезимим менен өзүмдү укмуштай сонун “сезем”.
Ааламга укмуш сезимдерди жөнөтөм, себеби, менин денем аркылуу маалымат Алла Талаага жетип, ал жактан жамгыр жаагандай нурлар көбөйүп кайра эле өзүмө кайтып келээрине ишенем, себеби, жашоонун системасы кантип иштээрин түшүндүм. Башыңда, оюңда, мээңде кандай программа болсо ошол кана аткарылып, өзүң жасоо менен кана ишке ашаарына ишендим.
Эми, жогорудагы “бекемдөөчү” сүйлөмдөр таасирдүү болуш үчүн оболу мээңдеги эски программаны өчүрүү керек. Ал үчүн жүрөгүңдөгү өйүгөн көгөйлөрдү кагазга жазып чыгарып, өрттөп сал. Жогорудагы бекемдөөчү сөздөрдү айткандан тартынсаң, жаныңда бирөөлөр болсо уялсаң “шыбырап айт”, “жаз”, “оюң менен ойло”. Уялбасаң ачык айт. Же эч ким жок жерде үнүңдү чыгарып айтып тамактагы тоскон энергиянын агымын, тамагыңды муунткан сезимден өзүңдү тазала. Аны өзүң кана жасай аласың, себеби өзүң таарынуу, капа болуу