Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
өзүңөр ойлонуп көргүлө. Эмне үчүн бирөөнү сөз кылсаң өзүң ошондой акыбалга келесиң?…Эмне үчүн ичкилик ичип жиндилик кылгандар көбөйүүдө?…
Эми ушул өз убагында айта албаган оюң, сезимиң, сөзүң ички дүйнөңдө уйгу– туйгу болуп денеңдин иштөө тартибин бузбасын десеңер оюңарды ачык, өз убагында айтып үйрөнгөн жакшы натыйжа берет. Ар кандай коркунучтуу кол салуулардан өзүңдү өзүң сактоого тийишсиң. Антпесең карылыгыңда көйгөйлүү акыбалга туш келишиң мүмкүн. Себеби, ар кандай шартта ден соолукту коргоп жана сактап баруу зарыл. Кудай дагы сактанганды сактайт. Өзүңдү өзүң сактай албасаң өлүм дайыма жаныңда күтүп тураарын унутпа.
Эң негизгиси, өз мезгилинде сүйлөп адамдар бири – бирине ою, сөзү менен жамандык кылбастан , өз убагында, учурунда маселесин чечип, оюндагысын ачык айтып, денесин кирдеген энергиядан бошотуп алганы оң…
Ошон үчүн ачык бетме– бет келгенде айта албаганың “шыбырап” болсо дагы үн чыгарып эч ким жок жерде өз алдыңча айтууну, оюңду жеткире айтууну үйрөнүп машык – бул ден соолукка чоң пайда. Кийинки жолу ал адам менен бетме – бет жолукканда үнүң калтырап чыкса да, андан мурда өз оюңду баш аламан болсо да ачык айта аласың. Ал эми үчүнчү жолку жолугушууда бул маселе эң жөнөкөй, эч кандай “жин келүүсүз, кыжаалатчылыгы жок, тамак буулбастан”, “ойлоруң тизмектелип” жеңил жана оңой “түшүнүү” менен ынтымак менен маектешүүгө алып келет…
Ошентип, ар бир адам өзүнүн оюн ачык айтууга үйрөнөт. Ал деген нерсе дененин “тамак органдарынын” иштешин жакшыртат. Моюн омурткаларынын активдүү иштешине шарт түзөт, мээге кан айлануу өз нугунда өтөт, кислород нормада жете баштайт. Артерия, вена кан тамырлары тазаланып, ден соолук оңолот. Кан айлануу, нур айлануу процесси өз нормасына келет.
Жан дүйнө кантип иштейт?
Ар бир дене жаралгандан баштап өзүн – өзү башкарууга жана ыңгайына жараша өзгөрүү жөндөмдүүлүгү менен айырмаланаары анык. Адам өз денесинин маалымат талаасында кайсыл тармакта информациясы көп болсо ошого жараша ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү, жасаган иши, жашаган чөйрөсү, мамилелеш адамдары, тагдыры жана мамлекети болот.
Өзүңдү ооруунун, жокчулуктун, коркунучтун туткунунан бошоткуң келсе сөзсүз түрдө “өзүңө өзүң жоопкерчиликти алуу” менен бирге “Мен өзүмө өзүм ээмин! Өзүмдүн денеме өзүм ээмин! Мен байлыкка ээ болууга татыктуумун! Мен өзүмө өзүм байлыктын ээси болууга уруксаат бердим!”– деп сүйүнүп, кубанып жасоону үйрөнүү – бул өзүң үчүн абдан чоң жардам экендигин терең түшүнүү менен колдонуу керек.
Себеби, ар бир адам өзүнө-өзү ажырагыс “дос да кас да”, жана тоскоолдук жасоочу дагы, түбөлүктүү жардамчы дагы. Ой жүгүртүүң кайсыл тарапта болсо жашооң ошол жакка карап оойт. Оорууну, кембагалчылыкты көп ойлоп, эми кантип жетишип жашайм? – десең ошол деңгээлде жашоо сүрөсүң, муктаждыктын кулу болуп өмүр бою арызданып жашоого туура келет. Ал эми, сезимиңде өзүңдү ар дайым жетишкен жашоонун ээси экендигиңди түшүнүп, ошол сезимди ар