Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
жыйынтыгы “дал ошол каалабаган нерсе көбүрөөк өлчөмдө жашооңдо пайда боло баштады, же турмушка ашты”. Эмне үчүн? Себеби, сенин телевизоруң 1-чи каналда турса, аны башка каналга бурмайынча колуңду тийгизбесең өзү эле өтүп кетпейт да туурабы? Ал үчүн сен оюңду, көңүлүңдү (пультуңду) башка каналга бурушуң керек.

      Ошондуктан “карыз болбо” деген сөздүн ордуна, “Мага эмне керек?” деген суроого: “Мен кантип бай болуп кеттим?” же “Мен кантип карызымды тез арада төлөп койдум?” деген суроо эффективдүү болот. Себеби, адам мээси кандай суроо берсең ошого жооп издейт, интернет аркылуу суроо берген сыяктуу, кандай суроо берсең ошого жараша жооп аласың. Карызың көп болсо да, “Карызымды кантип төлөп койдум?”, “Карыздан катип кутулуп кеттим?” “ Мен кантип байып кеттим!” же “Мен баймын!” – деген суроону үнүңдү чыгарып же күлүп айтып, Жаратканга жөнөтүп көр. Күлкү менен айтылган нерсе эмоцияны күчөтөт. Ошондуктан көпчүлүк шылдың кылып, күлгөн убакта терикпе, алар сенин каалоңду аткарууга жардам берип жатат. Ошон үчүн бирөө сенин кыялданганыңа күлгөндө терикпестен анын пайдалуу жагына көңүл бөлүп үйрөн. Өзүң агы көбүрөөк күлгөнгө үйрөн. Күлкүң келбесе бир стаканга суу куйгандай кылып 7 түстүү нурду элестетип куюп, сок ичкендей кылып ичип туруп жалгандан болсо да ХА– ХА-ХАлап күл. Көңүлүң ачыла түшөт. Мээнин энергетикалык толкуну заматта өзгөрөт, эндорфин, мелатонин, сератонин бөлүнө баштайт. Каалаган максатың тезирээк аткарылат.

      Ал эми, эмоция каалаган нерсени материалдашыруунун ачкычы. Ошентип бара-бара байлыктын нуруна уланасың. Бир жолу уланган нерсе ал түбөлүктүү эмес. Жашоонун сыры ал сезимди ар дайым кайталап, ага туруктуу уланып алууда. Ал үчүн кубанычты көбөйтүү керек.Ар кандай убакта күлкүлүү көрүнгөндөн коркпо. Күлкү жашоонун мүлкү, сенин материалдык акыбалыңа чоң салымын кошооорун ар дайым эсиңде сакта. Кайгырсаң кайгың көбөйөт, сүйүнсөң ден соолугуң жакшырат. Кубанычтуу сезим аркылуу мээде сератонин бөлүнүп чыгат да адамдын энергетикасы жогорку кубаттулуктагы нурдун толкунуна уланат. Ал үчүн курсакты дагы кубантуу керек, каалаган нерсеңди жегенге үйрөн. Себеби сератониндин көпчүлүгү ичегиге түшкөн тамактын сапатына жараша бөлүнөт. Кубанычтын толкуну “Өзүн өзү өлтүрүү” программасын өчүрөт. Өзүңдү өзүң сүйүү менен өмүрүңдү узартасың, өзүңдү өзүң сактай аласың. Канчалык кубанган сайын карыздан чыгуунун жолдору табылып, жаңы идеялар, ойлор келе баштайт. Тиешелүү иш аракет кылсаң, ар кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, карыздан тез чыгып кетүүгө жол ачылат. Ошон үчүн “Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис!” –деп ишенип өзүңө өзүң сактоочу бекем чеп куруп бар.

      Бул нерсени бирөөлөрдүн алдында мактанып айтуунун кереги жок, себеби, сени “акылынан ажырап калганбы?”– деп ойлошу мүмкүн. Терс кыялдагы адамдар өтө көп жана алар өзүнүн жашоо деңгээлине жараша ар кандай түшүнөт жана ар кандай мааниде ал маалыматты таркатат. Себеби, анда башка маалымат жок болгондуктан сенден алган маалыматты, өзүнүн түшүнүгү


Скачать книгу