Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Денеңди байка?! Түздөлдүбү? Акырындап төбөңдөн бир нерсе өйдө тартып жаткандай сезилет. Булчуңдар бош болсун. Эми, кыялың менен колуңда кичинекей оюнчук топ турат. Ичинде кылыз түстөгү свет күйүп тургандай элестет. Көңүлүңдү омурткага бур. Эми, ал топту чычаңдан омуртканын ичине ой менен элестетип киргизип жибер. Ушул кичинекей шар сыяктуу топ омуртканын ичиндеги баардык ден соолукка зыяндуу энергияларды өзүнө заматта сиңирип тартып алып төбөңдөн чыгып, ааламга тазаланууга кет!– деген команда бер. Ал көз ачып жумганча омуртканы аралап өтүп сыртка чыгып мейкиндикке сиңип кетти. Эми артынан көк түстөгү шарикти элестетип чычаңдан киргизип жибер ал тазаланган жерлерге жашоонун энергиясын берип күчтөндүрүп, клеткаларды көз ачып жумганча жаңылап, сыртка чыгып кетти. Эми омуртка аркылуу төбөңдөн ар түрдүү түстөгү нурлар денеге кирип, свет күйгөн сыяктуу, сөөктөргө жаркыратып нур чачыратып берди. Көкүрөктөн жылтылдаган ар түрдүү түсөгү нурлар күндүн нуру сыяктуу жаркырап туш тарапка чачырап жатат. Калганы денени толук аралап өтүп, эки буттун, колдун манжаларынан, чычаңдан чыгып жерге сиңип жатат деп кыялдан. Омуртка, скелет, тулку бой толугу менен нурга толуп тазаланды. Мен азыр ушул жердемин! Өзүмдүн денеме өзүм кожоюнмун! Мен ден соолуктамын! -деп айт. Эми, ар бириңер өз сезимиңерди байкагыла.
Сезимиң кандай болду?
Ичтеги бук болгон нерсең сыртка чыгып, дем алуу жеңилдей түштүбү? Баардык коркунучтар, кыжаалатчылыктар, таарынуулар, нааразычылыктар денеден чыгып кетти. Эми сен алардан бошсуң. Эмнени каалайсың ошол жөнүндө ойлон. Антпесең дагы жаман ойлор келе баштайт. Көңүлүңдү өзүңдү сүйүндүрө турган нерсеге буруп үйрөн.
Көңүлүң ачылдыбы? Ойлоп жаткан, жүрөк өйүгөн проблемалар, тамагыңдагы кысып турган нерсе чыгып кеткендей болдубу? Кадимкидей төбөңдөн бирөө жогору тарткандай сезимди байкадыңбы? Омурткаң түздөлө түштүбү? Көкүрөгүңдө кандай сезим пайда болду? Денеңде жылуу сезим пайда болуп, жеңилдик байкалдыбы? Ойлогон оюң таркап, бүтпөгөн ишиң бүтүп калгандай сезим болдубу? Эми көңүлүң ток болуп, жашагың келе баштадыбы?
Эмне үчүн андай болду деп ойлойсуң? Себеби, дем алуу дем чыгаруу менен энергияны кыймылга келтирдиң. Мээнин ичиндеги кислород жетпей жаткан жерлерге кислород барды, мелатонин, сератониндин бөлүнүп чыгышы көбөйдү. Денеде кубанычтуу сезим пайда болду. Ал эми, сүйүнүчтүү сезим пайда болгондо эмоциянын нуру жогорулайт. Кайсыл эмоцияң учур чакта күчтүүлүк кылса ошол жашоону жаратасың.
Мына ушундай тартипте ар бирибиз “учур чак менен жашоого” өтөбүз жана учур чакта жашоону үйрөнөбүз. Ошентип тез арада жаман ойдун каналынан жакшы ойлордун каналына өтсө болот. Ошон үчүн өзүңдүн акыбалыңа көңүл бөл.
Туура дем алуу бир эле физикалык денени калыптандырбастан, ички дүйнөнү, башка көзгө көрүнбөгөн энергетикалык нур жипчелер, денелер менен болгон байланышты да калыптандырат.
Жашоонун сыры: Ички дүйнөңдө бар нерсе сыртка чыгат. Ким жөнүндө кандай ойлонсоң ал адам сенин дүйнөңдө дал ошондой. Ошондуктан