Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
маектешүүнү чечтим. Себеби, бул китеп аркылуу көпчүлүк эл эң жөнөкөй, жатык тил менен жазылган сөздөр аркылуу түшүнүк ала алат, эч кандай татаалдаштырган формуласыз эле өз проблемасын өзү кандайча түзгөндүгүн түшүнүп, канткенде өзү тез эле кайра чече алаарына ишенет. Көп жылдары түшүнбөй кыйналып келген нерселерин өзүнө өзү “байкоочу” болуу менен түшүнүп, өзүн сырттан көрө алат.
Мындан ары түшүнүүгө кызыккан адамдар үчүн ооруудан, кыйынчылыктан чыгуунун жолу аябай эле кыскарды го деп ишенем. Мен үчүн мындай түшүнүктөрдү алуу “жети жылдан” ашык убактытты талап кылды.
Тааныштарыма, эми айтып тамаша кылам. Илгери Токтогул Сибирге 7 жылга сүргүнгө айдалса, азыркы заманда “мен өзүмдү өзүм” 7 жылдык “аң сезимди” өзгөртүүнүн сүргүнүндө Иркутскиде тарбияланып келдим дечү болдум. Албетте, убакыт өткөндөн кийин айтуу оңой. Мен үчүн ал жылдар оңойго турган жок. Өзүмдү өзүм кайра тарбиялоо – мен үчүн чачылган машинаны кайрадан тетиктеп курган сыяктуу болду. Бул иш мен үчүн өзүмдүн тетиктеримди өзүм кайрадан куруп, денемди, ой жүгүртүүмдү, сөздөрүмдү, сезимимди кайра куруу менен барабар болду.
Эми өзүңөр тандап көргүлө, 2 жылдан 4 жылга чейин “өзүң менен өзүң” иштеп оюңду, сөзүңдү талдап, оюңдун терс жагынан оң жагына буруп, “учур чакта” ден соолукта бактылуу жашоо жолу керекпи? Же өмүр бою терс ойлордун туткунунда болуп, ооруп, онтоп, ар кимге көз каранды болуп, өзүңө жана урпактарыңа укумдан тукумга мураска ар кандай оорууларды белекке калтырган жакшыбы? Ал ар кимдин өзүнүн чечимине жараша болот.
Албтте, биринчи иретте “өзүңө өзүңдүн келечек жашооңо берген ден соолугуң, мурасың”.
Бул жашоодо “өлүп кутулам” деген, адам үчүн бул жөн эле өзүн өзү жооткотуу, актануу, алдоо экендигин түшүндүм.
Учурунда мен дагы “жаным кыйналганда тезирээк өлгөндү эңсечүмүн”. Көрсө ал жөн кана “өзүмдүн жашоомо өзүм кожоюн болбой, ден соолугумду сактап, денемди кароону билбегендигим экен”. Өнүгүүнү каалабагандар, кийинки жашоодо дагы эле жашоону ушул эле этаптан баштаарыңар анык. Себеби, жашоонун учур чактагы өнүгүү этабынан өтө албасаң, келечек жашооңдун маалымат талаасында билбеген нерсенин маалыматы болбойт да. Аны окуп, түшүнүп, жасап көрүш керек. Ошондо кана коркпостон ишенимдүү жасай аласың. Эгерде, жасагың келбесе, анда мектепте 2чи класстан 3чү класска көчпөй калды деген сыяктуу нерсе. Жашоодо дагы өзүнүн классы бар. Мисалы, эгерде отуз жыл жасай албай келген нерсеңди жаңы жол таап сапаттуу кылып жасай албасаң, албетте ал жерде дагы отуз жыл тураарың бышык. Ошон үчүн билим, маалымат сөзсүз керек, ал эми аны кабыл алып турмушта пайдалануу үчүн, мээң активдүү иштеп, аң сезимиңдин кабыл алуусу зарыл. Азыр маселеңди чече албасаң, кийин дагы кыйыныраак маселеге туш болосуң, ошон үчүн ар бир маселени өз учурунда чечип барган жакшы экендиги мен үчүн белгилүү болду. Эгерде туура түшүнсөң ал маселени чечүү үчүн 30 секунда убакыт кетиши дагы мүмкүн. Ошон үчүн жасап көрүү керек.
Бир баскан жолду миң басуу оңойбу же ылдамдыгың начар болсо да