Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова


Скачать книгу
Жасап көрдүм. Акыбал тез өзгөрөөрүнө ишене баштадым. Көбүнчө жакын адамдарым аркылуу текшерип көрөм, себеби ага ишениш үчүн мага башкалардын “далилдөөсү, таксыктоосу” керек. Антпесең акылың ар кандай шылтоо таба берет. Адамдын акылы ушунчалык кыйтыр жана амалкөй, заматта ар кандай акыбалга салып, күмөнсүрөөңдү күчөтүп турат.

      Жашоонун сыры: – Суроо?????? Көптөгөн суроолор?????

      Ар бир берилген суроо – “аң сезимди” өзгөртөт. Ал эми “аң сезимдин” өзгөрүшү, нур толкундун жогорулашы”. Биринчи курстан экинчи курска көчүү, жогорку билим алуу же болбосо улам аң сезим жогорулаган сайын дене тамактанып жаткан нурдун сапаты жогорулайт деген сөз же дене таза энергия менен иштеп жатат деп түшүнсөк болот.

      Таза энергия , ар бир адамга ден соолук тартуулайт. Мейкиндиктеги ооруунун алкагынан ден соолуктун алкагына өтө баштайт. Позитивдүү суроо берип жооп алуу менен мээнин иштешин активдештирип, узак жашоого шарт түзүп барабыз. Эч ким эч кимге карыз эмес жана мен жазгандардын баарын жаса же меники кана туура дегенден алысмын. Болгону аны тажрыйбалап көрүү же көрбөө ал сенин “чечимиңе” жараша болот.Ошон үчүн мен актангым да келбейт, жана сөзсүз жаса деп дагы таңулобоону туура деп чечтим. Себеби, турмуштук тажрыйбанын кайсыл багытында алуу бир кана өзүңө белгилүү. Жакса жаса, жакпаса өзүң кызыккан нерсеге көңүл бур.

      Мурдагы жашоого болгон көз карашымда ооруудан кантип айыгуунун жолдорун кана издечүмүн. Ал эми, күнүгө оорууну кантип түзбөй жашаса болоору жөнүндө оюма да келчү эмес. Себеби, мен жашаган чөйрөдө оруу адамдар көп болгондуктан “Оорубаган адам жок!” деп ойлочумун, андан айыгуу керек экендигине ишенгем.Ошон үчүн менин “көңүлүм ооруудан кантип айыгуу керек?” деген ишенимде көп жылдарга туруп калган.

      Эмне кылсам айыгат – ооруканаданбы? Дары чөптөнбү? Эмчи домчуларданбы???…

      Азыр албетте, баардык нерсе “өзүмдөн” – деп тартынбай жооп берем. “Ооруудан кантип айыгам?”– дегендин ордуна “Кандай жашоо мени кубандырат?”– деген суроо мен үчүн пайдалуу экендигин түшүндүм. Себеби, менин жардамчым “Рухум, духум” бар. Мен ага ишенем, өзүмдүн дене түзүлүшүмдү кабыл алдым. Суроону бергенде кыялыма, оюма келет. Ал ар бир адамда бар экендигине ишендим. Мени оруу акыбалга алып келген бирден бир себепчи менин”ар кандай нерсеге чын жүрөгүмдөн ишенип” алгандыгым экендигине көзүм жетти. Ал деген нерсе: ”Ишен, бирок, өзүңдөн башкаларга!”– деген программада жашагандыгымды кеч да болсо түшүндүм. Албетте, бул ишенимдердин кайсынысы пайдалуу, кайсынысы зыян кылаарын анализдегенди билген эмесмин. Жашоодо мен сыяктуу орууну өзү кантип ойлонбой жасап жаткандыгын түшүнбөй “жакындарына арызданып жашагандар” өтө көп. Аны моюнга алуу керек. Себеби, кантип жашаганды билбейсиң, алдыңа койгон максатың жок.

      Өзүм менен өзүм сүйлөшүп, жаман ой келгенде, оорубай, ден соолукта болсомчу? Мен ден соолукта жашап жатам. Мен ден соолуктун толкунундамын! Ооруу сен эмне үчүн мени коркутасың? – деп кээде тамашалайм. Эмнени туура эмес жасап жатам? Мен аны түшүнгүм келет? – десем ар


Скачать книгу