Март Революциясы. Коомдук-саясий драма. Замирбек Өсөров

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров


Скачать книгу
Бакиевди жактырып, башкасы Куловду.

      Эми бул эки чыгаан кантип бөлүшөөр экен бир кызматты,

      Утулган тарап да козгоп жибербейби кээ бир бүлгүндү?

      Даанышман: Кудай сактасын андан. Кан төгүлбөй, баардыгы ушундай аяктаганы дурус эле болду. Эгерде ок атылып кан төгүлгөн болсо, бийлик менен элдин ортосундагы тирешүү мынчалык бат жана күтүлбөгөн жерден оңой басылмак эмес.

      Эл-аралык эксперт: Эми аны териштирүүгө кажет жок. Кан төгүлүшү керек элеби же жокпу, ак-шапкечендерби же митингчилер өзүлөрүбү Бишкектин магазин-дүкөндөрүн тоноштубу же шаардын мыңк этпей жүргөн момундары түн ичинде шаарды тозутуштубу – эми бары бир болуп калбадыбы. Ошондой эле бул эмне өзү – ыңкылаппы же төңкөрүшпү же жөн «захватбы», мордобой, мародерчулукпу – мунун баарын эми тарых өзү ырастайт.

      Даанышман: Ооба, мунун баарын тарыхка жана кийиңки муундарпыбыздын сынагына, сотуна, көзөмөлүнө кой…

      Эл-аралык эксперт: Yes it is, I am wholly agry with you. It is just the Great Kyrgyz Revolution!

      Куудул: А балким революция болбой калсачы?

      Эл-аралык эксперт: Жок, жок. Бул накта революция. It is just the Great Kyrgyz Revolution! Little late all other states around you will go after yours path.

      Даанышман: Бул соболдорго азырынча жооп табылбайт.

      Кандай болгондо да Акаев качып кеттиби, бала-чака, күйө-балдары менен кошо, демек Кыргызстанда бийлик алмашты деген кеп да. Ал эми бийлик алмашканда, аны менен кошо бийлер, төрөлөр алмашат бири калбай, коом бир аз болсо да тазарат деген шанс, мүмкүнчүлүк пайда болот эмеспи.

      Куудул:

      Ооба, болгон дейт ошондой үмүт, кыял,

      Эл-аралык деңгээлде тарады ушундай мишмиш,

      Тетиги Грузия, Украинадан жуккан ооруу имиш,

      Аягы айланса да ботко, кишмишке.

      Бул уже биздин эмес маселе, ишибиз —

      Баардыгана жооп беришет эртең —

      Жыргал турмуш жаралабы же тажаалбы, —

      Революциянын самап жараткандар,

      Алла-Талаага ыраазылыгыбызды айталы бүгүн,

      Мекенибизди өзгөртүүгө жол ачып бергени үчүн.

      Мурдагы бийликке өлкөбүздү мүлжүттүрбөй бүтүн,

      Жүрөк үшүн алдырып, четке кууп чыкканы үчүн.

      Даанышман: Ооба, ырахмат сага, Кудайым, Кыргызстанда ушул күндөрдө болуп жаткан саясий окуялар Сен тууралуу кабарды берип жатпайбы.

      Эл-аралык эксперт: Албетте ырахмат. Heaven blesses Kyrgyzstan selectively. For that yours people must to act and behave respectively, because it is Revolution!

      Эл үнү: Рахмат сага, Жараткан!

      Сценага Журналист менен Рухайым чыгышат.

      Рухайым: Асман, Тенир, айкөл Манас баатырыбыз ушуну билишкен, өз батасын беришип. Кыргызстанды асмандагы улуу күч дүйнө-жүзүндөгү ажайып пилоттук проект, долбоор катары кабыл алды. Ушуну унутпайлы. Кыргыз эли, жери улуу экенин, Кудайдын көзү бизге түз болгонун сезбей жатасыңарбы?

      Журналист: Эгерде андай болбогондо, кантип Ак-Үй куламак? Курал-жаракка жык толгон плутократ ажонун чээни. Кыргыз элинин алтынын, пахтасын, сууларын, жерин тоногон падыша, Аксы элин аттырган зөөкүр бийлик дагы бир жолу массалык түрдөгү кан төгүүдөн, өз элин автомат


Скачать книгу