Март Революциясы. Коомдук-саясий драма. Замирбек Өсөров

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров


Скачать книгу
то что имело место 24 марта является революцией. Тогда как для этого дня больше подходит название – День мародера.

      Куудул Балитологду трибунана түртүн, анын ордун ээлейт,

      Балитолог «Я протестую» деп, бирок трибунадан кетет.

      Куудул: Атаңдын көрү, өзүң мародерсун,

      Акаевдин куралын көтөргөн бирөөсүн.

      Өлкөнүн уурдалган акчасынан күн көрөсүң,

      Чындыкка жамынган жалганды жазып көнгөнсүң!

      Буларга ишенбегиле эч качан, калайык,

      Акчаны ар тараптан соруу – булардын өнөрү анык.

      Ким акчаны көп берсе,

      Ошерде тинтип жүрөт мындай балит нерсе.

      Эл үнү:

      Молодес, эң туура айтасын

      Жоголсун Кремлдин куйругу,

      Керек болсо Кремлди да талкалайбыз,

      Эгерде мындай болсо Асмандын буйругу.

      Авторитаризмди сагынгандын баары,

      Ыңкылаптын душманы.

      Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,

      Төнкөрүлсүн баары каргыштан!

      Ыңкылаптын шаңдуу музыкасы угулат.

      (Көшөгө).

      Үчүнчү көрүнүш

      Караңгылаган сахнада Журналист менен Рухайым калышат.

      Журналист:

      Март ыңкылабы

      Маалымат согушун ырбатты,

      Журналисттер эки тарапка бөлүнүп,

      Чындыктан биротоло баш тартып

      Бири-бири менен кармашты.

      .

      Рухайым:

      Аларга теңелип,

      Көзү ачык, бакшы, олуя,

      Маркумдар менен сырдашканы,

      Наркы дүйнөгө тиктегени олурая —

      Бөлүнүп эки лагерге алар да

      Бири-бири менен кырылышты.

      Акаевдин кара күчтөрү

      Ак күчтөр менен таймашты.

      Баалайбы бул бийлик, түшүнөөр бекен

      Эки дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү?

      Журналист:

      Эки эмес – үч дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү.

      Рухайым: Кандайча?

      Журналист: Маалымат чөйрөсүндө – бул бир дегин. Виртуалдык дүйнө – Интернетте. Бул эки дегин. Анан, эң акырында, көзү ачыктар, периштелер, желмогуздар дүйнөсүндө. Сен бул жагында президентибиздин фронтун бекем кармап турбадыңбы.

      Рухайым: М-да!

      Журналист: Айтмакчы, Акаев президентиктен кетет деген кабарды алгачкы жолу качан алгансың?

      Рухайым: Башынан эле бул адам бийликке татыктуу болгон эмес. Асман бул бийликти Чыңгыз Айтматовго буйруган эле, ал болсо бул асмандын буйругун Акаевге тапшырып берген. Улуу жазуучубуз ушул кадамы менен оор катаны кетирген.

      Журналист: Бирок башында коомчулук аны жакшы эле кабыл алды го?

      Рухайым: Албетте, элдин үмүтү бар болгон, ал турсун Чынгыз Айтматовдун тандаганына да ишенишкен башында. Бирок, Асман, Манас атабыздын руху башынан эле бул кишиге каршы болгон. Ошого карабастан алгачкы жылдары Асман тим болгондой сыяктанган, бул президенти өз эркине коюп, балким оңолуп кетет деген ниетке өзүн өзү алаксытып. А бирок, анын жыйынтыгы жакшы болбоду. Президенттин бийликке татыктуу эместигин, кыргыз


Скачать книгу