Март Революциясы. Коомдук-саясий драма. Замирбек Өсөров

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров


Скачать книгу
Кайрылгам, каттарды да жөнөткөм, аны менен жолугушууга да аракеттенгем.

      Журналист: Ии, натыйжасы кандай болду?

      Рухайым: Кабыл албай жатат. Жакындары менен байланышып турса да, анын мен туралуу ою жакшы болсо да, жакшы кызматты бизге окшогон адамдарга берүүдөн, негедир, тартынып турат, ишенбей жатат.

      Журналист: Себеби, тегерегине суу куйду, кошоматчылар толуп алган…

      Рухайым: Кана, эмесе, эмнени жаздың кезектеги саясий макалаңда?

      Журналист: Мен сага бир эле үзүндүнү окуп берейин, калганын өзүң түшүнөсүң.

      Анда эмесе, көнүлүңдү бур … (колундагы гезитке көз салып)

      «Так …Манты жеп эле, кокус, президент болуп калды деген оппозициянын өрдөгүн, наалатын жана каргышын кантип жоготсо болот? Элге берген убадаларды аткаруу зарыл, ошондо эч кандай оппозициянын жаман сөзү жукпайт, келечекке таасир бербейт, Кыргызстанды адилет башкарып турсаңыз эле болду. Саясий жана экономикалык реформаларды кечиктирбей аткарыш керек».

      Дал ушул мөөнөттө экран жагылып, Кыргызстандын президентинин фотосүрөтү пайда болот.

      Кыргызстандын президенти (Үнү):

      Албетте, аткарабыз. Жакшы адамдарды, мыкты адисттерди жакшы жооптуу кызматтарга алабыз. Тууганчылык, жердешчилик дегенди, үй-бүлөлүк башкарууну, трайбализм, регионализм дегендерди бийликтин бир дагы бутагына жана бучкагына жолоттурбайбыз. Ант беремин аны үчүн!

      Экранда президенттин карааны кайрадан Ала-Тоо аянтынын сүрөтү менен алмашат.

      Экинчи көрүнүш

      Сахнага Даанышман менен Куудул чыгышат.

      Даанышман кранга кайрылып):

      Элдин талабы, революциянын негизги талаптары сөссүз түрдө аткарылышы керек.

      Залга кайрылып.

      Дагы бир жолу аны Ак-Үйгө кат жазып эскертип коеюн. (Экранга кайрылып). Эң негизги талап – биздин эл өзү бийликке ээ болгусу келип жатат, сизге терең ишенип, урматтуу президент.

      Экранда кайрадан президенттин көрүнүшү пайда болот.

      Президент (Үнү):

      Бийлик калыс, чынчыл, таза жана акыйкат болсо – элдин бийлиги деген ошо. Бийлик элге кызмат кылыш керек —эл бийликке кызмат кылбай.

      Куудул:

      Ии, байым, баардыгы эле башында, такка чыгаары менен, ушундай бал сөздөрдөн баштайт, балекеттин бары кийин өзүнөн өзү эле мен билем деген балээден чубалжып чыгып, бүт өлкөнү селдей каптап, муунтуп ишти бузуп баарын саңырсытат.

      Ал эми бийлик качан элге кызмат кылат деген суроо кайрадан бул турмуштан буйт качып, философиялык мааниге ээ болуп, килтейген китептерде гана абстрактуу идея катары жашап калат, жөн эле ооз көптүрмө сөзгө айланат.

      Залга кайрылып.

      Чын эле, агалар жана инилер, эжелер жана карындаштар, жалпы кыргызым – айткылачы, кагылайындар, – бийлик качан, кайсы мезгилде жана кандай шарттарда элге чынчыл болуп, дитин коюп кызмат кыла баштайт?

      Экрандан кайрадан


Скачать книгу