Март Революциясы. Коомдук-саясий драма. Замирбек Өсөров

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров


Скачать книгу
мурдагы бийлик тарабында болушкан көз боемочу, каргыш айтууга, дубаны салууга көнүгүшкөн адистер, кара-күчтөр чыгышат. Азгырыктар Рухайымды курчоого алышат.

      Биринчи азгырык: Бул бийлик жакын арада эле тактан кетет деп уктук биз. Эмне дейсин буга, өлкөбүздүн чыгаан, атактуу саясий олуясы?

      Экинчи азгырык: Ооба, бул президент тактан куулуп келет дейт, бийликке накта кыргызга күйгөн патриот жигит келет дейт.

      Үчүнчү азгырык: Чет элде жашап абдан байыган кыргыз экен деп уктук биз.

      Үчөө тең (Рухайымды айланып):

      Эгерде ал бийликке келсе,

      Жыргайт деп уктук кыргыз эли.

      Буга эмне демексин,

      Бакиевди алып келген кызыбыз?

      Рухайым (аларды курчоосунан бошонуп):

      Адашып жатасыңар баарыңар,

      Ошо бай жигиттин акчасына зарыгып.

      Кет десе эле таарынган топ,

      Президент кызматынан кетип калабы?

      Биринчи азгырык: Сөзүңөн адашпагын өмүрдүн гүлү. Асман айтып жатат, ал келет деп.

      Рухайым: Ха-ха-ха. Эгерде билгиңер келсе, асман алып келди учурдагы президентти, мурдагы президентти да кууп кетирди. Асмандын буйругу, Манастын руху менен Ак-Үй алынды, бийлик алмашылды.

      Экинчи азгырык:

      Абайлагын сулуу кыз. Сени жек көргөн күчтөр абдан арбын жана акча-каражаттуу. Күнү-түн сага каршы дубалай турган болсо эмне кылмаксын, каякка качып кетесин?

      Үчүнчү азгырык: Болду эми кызым, бул президентти колдобой эле жүр. Баары бир ал сага эч кандай жакшылык кылбайт. А эгерде сен биз тарапка өтсөң, биз сенден эч нерсени аябайбыз.

      Үчөө тең: Ооба, биз билебиз, сен Акаевди тактан кетирдиң.

      Эми бул президентти да кетирип берсең, сени биз кечирдик.

      Рухайым: Кеткиле нары, караңгы күчтөр.

      Силер мени дубаласаңар,

      Силерди урган болот Манастын руху.

      Кыш… желмогуздар. Силердин убактыңар өттү,

      ырдаган ырыңар бүттү.

      Акаевди мен эмес – Кудай кетирди!

      (Көшөгө).

      Экинчи акт

      Сахнага Диктор чыга.

      Диктор:

      Бул акт Конституциялык реформага

      Багышталат.

      Эки тарап кантип күчкө салып

      Утулуп калганын чагылдырат.

      Ал эми эгерде бир бүтүмгө келе алганда,

      Жылат эле эртеңкиге коомубуз бачым.

      Оппозиция да,

      Өкмөт түзүлүштөрү да

      Өз ээлеген ордун туура табып,

      Өзүм баарын ээлейм, башкарам деген

      Өлүп тарпы чыккан саясый каада-салт

      Албайт эле бизди тузакка кайрадан.

      Сахнадан кетет.

      (Көшөгө ачылат).

      Биринчи көрүнүш

      Ала-Тоо аянты.

      Сахнада Журналист менен Рухайым.

      Журналист (колундагы газетасынын соңку номерин жайып):

      Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды


Скачать книгу