Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
Анын мектепти аяктары менен ЛКЖСтын Куршап райондук комитетинин пионерлер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалышы да кокусунан эмес.
Анткени өзү жаңы эле ошол чөйрөдөн өсүп чыгып, жаш муундардын жан-дүйнөсүн, алардын кандай ой-максаттар, мүдөлөр менен жашап жаткандыгын эң жакшы билген. Баса, кезегинде мектептеги, пионер уюмундагы окуу-тарбия иштери, анда орун алган абал тууралуу Кулназар өзү да пионер газетасына кат-кабарларды жөнөтүп турган. Айрым терс көрүнүштөрдү ашкерелеген сын кабарларын ал «Тапанча», «Чүкөдөй» деген жашыруун аттар менен жазган. Албетте, автордун ким экендигин классташтары, атүгүл айылдаштарынын көбү эле билишкен. Бирок, сындын адилеттеги бирөөлөрдү териктиргени менен абалды оңдоону көздөгөндүгү менен баалу болгон.
Дегинкиси, Кулназар ага табигатынан чукугандай сөз тапкан, азил-тамашаны арашандаткан, кыргыздын элдик бай мурастарына каныккан инсан болгон. Кээде түз айтпай каймана маанисинде кыйыткан сөздөрүнүн маанисин аңкоолор түшүнө бербей өздөрү уятка калган учурлары боло турган. Буга бир эле мисалды келтире кетели: ал партиянын Ленин райкомунун биринчи катчысы болуп турган кезде кайсы бир жылы өтө кургакчылык болуп, чөп деген тимеле көздөн учуп калат. Анын бир талын да калтырбай тоют даярдоо керек эле. Мына ушунун баарын түшүндүрүп, ал чарба жетекчилеринин алдына олуттуу милдеттерди коет. Сөзүнүн акырында: – Жолдоштор, тоюттун корун коомдук малга жетиштүү камдап албай эртең… Үч-Коргондон издеп калып жүрбөйлү, – деп эскертет./ Арийне, бул жерде кайсы сөз түшүп калгандыгын жана бул лакап кайсыл окуядан улам чыккандыгын кеп баркын билген, куйма кулак азаматтар бат баамдамак/. Бирок, баягы чарба башчыларынын ичинде алаңгазар, анды-дөндү элес албаган аңкүдүктөр да бар окшойбу. Алардын бири эртеси таңазандан райкомдун имаратына жетип келип, биринчи катчыга атып кирет да: – Аксакал, алты машина даярдап койдум, Үч-Коргондун кайсы чарбасына барайын, – дейт.
Күлкүсүн ичине катып, араң чыдаган катчы бул абалдан кандайча чыгып, алабарман аткаруучуну жолго кантип салгандыгына кепил өтө албайбыз. Кептин баары-ошо оозу күйгөн дардаңкүүнүн бул окуя тууралу башкаларга жайып ийип, дагы бир жыдыгандыгында. Ага жолуккан тең аталар: – А, ортак, баланчауп, энеңизди Үч-Коргондон таптыңызбы, же машинелерди даярдап койдуңузбу? – деп жүрүшүп, аябай жүдөтүп бүтүшкөнүн азырга чейин айтып жүрүшөт…
Ошол 30-жылдары элет жериндеги жетекчилер эмес, борбордун тегерегиндеги райондогулар да чарбаларды ат минип кыдырыша турган. Ал эми комсомолдук кызматкер түгүл, орто звенодогу атка минер ыктуусу, азаматтан мыктуусу деле айылдарды жөө-жаландап аралашчу…
Айрыкча жалгыз чыйыр жолду күрткү уруп, кар боройлогон боорондуу күндөрдө, аптап алсыратып, топурак тозондогон саратанда жол жүрүү азапка эле турган. Бирок, жаңы замандын жалын-деми менен жашап, лениндик идеяларды туу туткан жана өлкөнүн өнүп-өнүгүшүнө өз салымын кошсом деп жан-дили өрөпкүгөн андагы атуулдар бул кыйынчылыктар убактылуу деп терең ишенишкен.
Анткени, ошол жылдары