Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
Мен айттым: – Бу бирөөлөрдүн арткан-үрткөнүн оозуңарга албагыла дейсиңер медиктер. Анан иничекти өзүңүз баштап келип, жегин деп атканыңыз кандай?
– Мындай кишинин кешигин талашып жегендин өзү сооп болот. Ылайым, бул балага да Кулназар аганыкыдай жашты жана башты, ырыс менен бакты, атак менен даңкты буюрса экен деп ырым кылып жатпаймынбы! – дейт белгилүү хирург.
Турмуштук ушул кичинекей эпизоддон эле Кулназар аганы замандаштары кандайча кадырлап-сыйлаганды көрүнүп турбайбы. Анан дагы эже мындайча эскерет: – Балдарыбыз атасын апталап, жумалап көрбөй да калыша турган. Анткени, ал таң үрүн-бараңда үйдөн ишке кетет да тээ түн бир оокумда чаалагып-чарчап келет. Ошол кезде «сталинский занятиялар» бар эле. Жумуштан кийин сабакка катышып, кеч келчу эле. Бул убактарда балдар уктап жаткан болот. Ал эми мен аял катары үйрүлүп түшүп, үстү-башын тазаламакка далбас урам. Ошондо да бутундагы хром өтүгү жалтырап тап-таза болот. Анткени, ал кончуна дамайым баркыт бут сүрткүч салып жүрө турган. Анын бул тыкандыгы студенттик кезинен да, офицерлик кызматынан да адат болуп калса керек…
Ырас, көп эле жарандардын аскердик милдетти өтөп жүргөндөгүсү менен карапайым турмуштагысын, же кечээ чоң болуп жүргөндөгүсү менен андан «шыпырылгандан» кийинкисин көрүп, көңүл иренжий түшкөн учурларыбыз болгон. Ал эми өмүр бою сынын да, сырын да кетирбей Кулназар ага сыяктуу таптагы куш өңдүү жүрүү үчүн бекем эрк эмнени талап кыла алмакчы?
Кыйла жылдары илгери ири илимий чордонубузга орошон окумуштууну жетекчи кылып дайындашты. Анын ачкан жаңылыгына, эмгегине эч кимдин деле коер дооматы жок болгону менен үстү-башына кароону эзели капарына албаган жан экен. Кыязы жубайы да өзүнө жараша шалдакы неме болсо керек, жака-жукасын агартып, шым-көйнөгүн үтүктөп койгонго да жарабайт экен. Адатта илим чордону интеллигенциянын өкүлдөрүнөн турат эмеспи. Өз жетекчисинин кебете-кешпирин жөнөкөйлүктүн белгиси катары санаган кызматкерлер да галстук тагынганды таштап, маданият дегенге маани беришпей калат. Ошону байкаган кыраакы секретарь айым үтүк алып келип, жетекчинин көйнөгүн, шымын тыкыйтат, анан галстук байлайт. Бул күн сайын кайталангандыктан мындай өзгөрүү коллективге бат эле байкалат. Акыры жетекчинин өзү да кызматка кынтыксыз жасанып келүүгө көнүп келет…
Бул мисалды биз бекеринен келтирген жокпуз. Кулназар аганын куштай сын-сыпатын жазбай жүрүшү, тактыгы жана убадага бектиги ар дайым башкаларга өз таасирин тийгизбей койбогон. Ардуулук, намыскөйлүк жана мээнеткечтик андагы табигый касиеттер болгондуктан өмүр бою өз парасатына доо кетирбей беделин бийик сактоого жан үрөгөндүгү бар жашоосунан көрүнөт. Мунун күбөсү катары аталган айыл чарба мектебин кызыл диплом менен аяктагандыгын эле айтууга болот. Ошентип, кечээ эле туулуп-өскөн айылы Алганын буртулдаган чаңын кечип, келечек жөнүндө керемет кыялдарга баткан балакай боз уландыкка жетип, эми айыл чарба адистигин алып олтурат.
Айныксыз,