Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
келишимин түзүүгө аргасыз болгонбуз. Аяк-башты жыя электе Антанта ар-тараптан ач бөрүдөй катылып кирип, бейпил элге бүлүк салып жатты. Ал аз келгенсип, Колчак, Юденич, Врангелдин бандалары өлкө ичинде кызыл кыргын салып, ачарчылык алсыраткан элди алааматка кабылтты. Ушундай мүшкүл да каарман элди мүңкүрөтпөй жеңишти сактап калуу үчүн ар-кандай курмандыкка баруудан баш тарттырбаган. Эрдик, эрк менен ажаандыгы ашынган жексурлар жексенделип, жаңы турмуштун жерпайы бекемделе берген.
Анын арымдуу жүрүшү эл жышырак жайгашкан борбордук райондордон гана байкалбастан алыскы түндүктө да, Ыраакы чыгышта да кеңири кулач жайган. Кулназар курбалдаштары менен бир айга жакын убакыттын ичинде араң жеткен ушул эле Комсомольс-на-Амуре шаары 1932-жылы советтик жаштардын демилгеси менен курулуп, мурдагы бирин-серин кепелери бар кыштак таанылгыстай болуп өзгөргөн эле. Анда кара металлургия, кеме куруу, машина куруу жана азык-түлүк өндүрүү боюнча ири ишканаларды түптөө жумуштары башталып жаткан. Мунун бардыгы келечекте куралдуу күчтөрүбүздүү керектүү жарак-жабдыктар менен камсыз кылууга тартылмак.
Ошондон улам аскерге чакырылгандардын жаңы тобу кеме куруу жана авияциялык заводдун анда кызуу жүрүп жаткан иштерине чегерилген. Бирок, бул тоолуктар көнгөн кош айдоо, эгин оруп-жыйноо, мал багуу сыяктуу жумуштардан айырмаланып, атайын адистикти да талап кылган. Андыктан атайын ачылган курстарда бетонщик, арматурщик, жыгач усталык, электриктик кесиптерге даярдоо милдети алдыда турган. Кулназар Ыраакы Чыгыш аскер командованиесинин карамагындагы курулуш корпусунун 2-полкунун 4-ротасына бөлүнөт. Арийне, мында адистикти үйрөтүү менен жоокердин саясий аң-сезимий көтөрүүгө, дене-тарбия жагынан бакыбат болушуна жана Мекенге берилгендик духунда тарбияланышына зор көңүл бөлүнгөн.
Башка жааттардагыдай эле ал кезде аскердик кадрларга да каатчылык болуп, өзгөчө саясий жетекчилер жетишсиздиги кедергисин тийгизбей койбогон. Мунун жүйөлүү себеттери бар эле. Анткени, кечээ эле караңгылык каптаган Россия империясынын калкы жапатырмак кат таанууга өткөнү менен али сабатсыздык толук жоюлуп бүтө элек кез. Анда азыркыдай аскердик адистерди даярдаган окуу жайларынан, академиялардан бири да жок. Кенже офицерлик составды, аскер техникасы боюнча адистерди атайын гана курстарда даярдоого туура келген. Ошондон улам билим деңгээли, саясий даярдыгы жана дүйнөгө көз карашы жагынан өз курбалдаштарынан алда канча өйдө турган Кулназар даярдык иштериндеги өксүктөргө кайдигер карабай кээде маселени кырынан коюп, командирлердин карбаластаткан суроолорду берет. Анда көч баштачу көрөңгөнүн барлыгын байкаган жоокер жолдоштору да, полктун жетекчилери да ызаттоо менен мамиле жасап калышат. Көп өтпөй эле аны ротанын партиялык уюмунун катчысы кылып шайлашат. Белгилей кетчү жагдай-аскердик бөлүктөр эч качан бир улуттун өкүлдөрүнөн гана турган эмес. Аларды чыныгы интернационализм духунда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргандай