Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
тийип оңурайбаган жер жок. Бомба түшкөн жерлер өзүнчө эле орго айлангандай. Мында коргонуп жаткан канча жалоондой жарандын бедени барчаланып, сөөгү сөпөт болбоду. Анткени бирде биздикилер чабуулга өтүп, бирде душман жанталаша жапырап кирип, жер астын-үстүн түшүп жатканда канча азамат топурак менен жуурулушуп, заматта күмжам болуп кетишпеди. Аларды дарексиз жоголгон деп эсептешип, кара кагаз деген калабалуу кабарды да жиберишкен. Мындай күдүк күпүрдөн соң өлүк-тириги белгисиз жоокердин душман колдуу болдубу деген шек-шыбаа да туулбай койбогон. Андан көрө эки аяк, эки колдон, же эки көздөн ажырап келген артыгыраак көрүнгөн. Атаганат, Ата менен үчүн кан-жанды арноо дегендин чен-өлчөмү ушундай болгон турбайбы. Биздин жеңилбегендигибизди бир себеби да ушунда жаткансыйт…
Биздин тарап душман ээлеп жаткан пунктту бошотуш үчүн чабуулга өткөнү артилериялык даярдыкты баштаган эле. Дал ушуну эле күтүп тургандай фашисттер да ар кыл куралдардан күпүлдөтө ок жаадырып, бомба жүктөлгөн учактарын шукшурултат. Жарылуулардан абада алай-дүлөй жүрүп, көк түтүн менен тозоңдон күндүн бети көрүнбөй калат. Согуштук техника жагынан колдоо алган биздин бөлүктөгүлөр: «Родина үчүн! Сталин үчүн!» деген ураан менен жапырт чабуулга кирет. Адаттагыдай эле жоокерлердин алдыңкы сабында бараткан Маматалы көктү карай бир серпилгенин билет…
Ал көзүн ачканда талаа госпиталында жаткан эле. Буттары мултуйта таңылып, ага дененин жарымы жоктой сезилет. Көрсө, чуркап баратканда душман жашырган мина жарылып, эки бутту кыйып кеткен экен. Бул кордукка кантип чыдаарын билбей ал өксүп ыйлагысы келди «эми адам катарынан чыккандыгым ушул» деди. Бул абалында ал өмүрүнөн да кечүүгө кайыл эле. Анын ызага батканын туюп турган ак чач врач, акырын маңдайын сылап:-Эй тоо барчыны, багың бар экен, дагы аман калып олтурбайсыңбы! Сенин катарыңдагылардын канчасы жайрап, асыл өмүрүнөн айрылды. Кудайды алка, көрөр күнүң, ичер сууң бар экен. Буюрса бутуңа туруп, эли-журтуңду көрөсүң, – деп жооткотот. Бирок, мүрү түшкөн кыраандай козголор алы жок жигит тагдырдын бул өкүмү менен келишкиси келбейт, өз ичинен «элден кем саналып, көргөн күнүн да курусун» дейт. Мындай беймаза ойлор мыжыгып, ал Чыгыш фронтундагы иниси Кулназарга бүт арман-азиретин ортого салган жана жүрөк каны, көз жашынан чыланып жазылган катын жөнөтөт. Анда ал ымандай сырын ортого салып, ушу көйдө туулган жерге барганымча дарек-дайнымды билгизбей четте эле калганым артык деп чечкендигин билдирет. Албетте, бул жигиттик ар-намыстан улам жаралган ачуу чаңырык болгон…
Турмушта азырга чейин сырларын ачууга илимдин да күчү жетпеген таң каларлык табышмактуу окуялар көп. Айрыкча бул ар кандай окуядан аян берген түшкө байланыштуу. Агасы айыгышкан салгылашта кош бутунан ажыраган күнү Кулназар да жоболондуу бир түш көрөт. Анда Маматалы алдындагы ак аргымагын алкынта чаап баратып, боз чаңгыл туманга кире бергенде ат мүдүрүлүп барып жыгылат да чабендеси оңко-чоңкосунан барып түшөт. Бул эмне болучу деп өзүнчө түпөйүл