Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
шаңдуу музыка аба жарып жаңырат. Баарынан да ошол кезде патриоттук сезимди оболоткон «Эртең согуш болсо» сыяктуу ырлардын таалим-тарбиялык ролу чоң эле. Кыргыз жаштары да «Кызыл атчандар», «Бер команда, маршалдар» сыяктуу ырларды параддарда, жүрүштөрдө жер дүңгүрөтө аткарыша турган. Өлкөнүн экономикалык күч-кубатын чыңдоо, техникалык жактан өнүктүрүү менен карасанатай душман капыс кол салса, ата-мекенди кан-жанын аябай коргоочу атуулдарды психологиялык жактан даярдоого да зор маани берилген экен. Мындай идеологиянин акыбети кандайча кайткандыгын кийин тарых өзү тастыктабадыбы!
Болочок жоокерлерди бир-бири менен таанышып, бака-шака түшүп жатканда аскерге чакырылгандарды каттоодон өткөргөнү команда берилди. Жигиттердин биринин да бул тандоодон калгысы келбей фамилиясынын аталышын чыдамсыздык менен күтөт. Жүрөгү алеп-жалеп болуп турганда: «Ташиев Кулназар!» деген өктөм үн угулду. Аскердик тартиптен да сабак алган Кулназар: «Мен» деп, турган жеринен бир кадам алга басты. Комиссар ага бир тигиле карады да «Жарайсың» дегендей башын ийкеп, кийинки жолдоштун ысымын атады…
Каттоо аяктагандан кийин чакырылгандар катарга тизилип, комиссардын баштоосу менен шаардын четиндеги темир жол станциясын көздөй бет алышты. Котолоп турган узатуучулар кол булгашып, айрымдары көз жашын чуурутуп, уулдарга ак-жол, амандык тилөө менен батасын берип кала берди. Бул 1939-жылдын күрдөөлдүү күзү аяктап калган ноябрь айы эле. Күндүн табы кайтып, жалбырактар күбүлүп түшүп, эртели-кеч чыкыроон болуп калган. Атүгүл кара жамгыр кээде карга айланып, тээ алыстагы аска-тоолор ак олпок жамынышкан. Тууган жердин ушул керемет кезин көздөн кечирип келаткан азаматтар: «Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга!» дегендей уйгу-туйгу ойлор менен алек эле.
Акыйкатында да аларды ар кандай тагдыр күтүп турбады беле. Башкасын айтпаганда да бул сапар Кулназар үчүн алты жылдан ашык мөөнөткө созуларын ал билген да эмес, уктаса түшүнө да кирбеген. Балким Совет-Фин согушу саал мурдарак башталганда ал батыш жакка кетет беле – азыр алар түшкөн товарняк Чыгышты көздөй бет алып баратты. Баягы карта аркылуу гана аттарын билчу Новосибирск, Барнаул, Иркутск деген шаарларды, Байкал көлүн, Сибирь тайгасын эми өз көзү менен көрүп, карагайлары көк тиреген калың токойлорго ажайыптана карады. Ырасында эле бекеринен: «Широка страна моя родная» деп ырдалып жүрбөгөн экен. Мына, кез-кезде гана жүргүнчү поездерге жол берип, кошумча аялдамаларга чыга калганы болбосо, аскерге чакырылгандарды тартып бараткан товарняк үч аптадан бери эле «жан үрөп» жаткансыйт. Антсе да узун жолдун учуна качан чыгаары белгисиздей. Бирок, Ата-Мекендин ыйык жүгүн аркалаган жаштардын ындыны өчпөй кандай кыйынчылык болсо да көтөрүүгө кайыл сыяктанат. Анустүндө алардын духун чөктүрбөө үчүн ошо ташпиштүү жолдо тарбиялык иштерди жүргүзчү активисттер да дайындалган эле. Алардын бири Кулназар болчу. Ал ошол опуртал кезеңдеги дүйнөлүк ал-абалды түшүндүрүп, элибиздин, айрыкча өлкөнү коргоо вазиапасы