Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
тийгизбөөгө, Ташиевдердин туусун бийик кармоого милдеттүүмүн деп эсептеген. Ошондой кайрымсыз кагылыштардын биринде ага капыстан ок жаңылып, жарадар болот. Госпиталда бир жарым ай дарыланган соң аны ден соолугун калыбына келтиргени айылына жиберишет. Бирок, ал сакайгандан кийин кайрадан медкомиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш болгон.
Туулуп- өскөн айылынын абасы, аздектеген апасынын колунан жасалган аруу даам дабага айланып, Маматалынын жараты бат эле айыгат. Кубанычы койнуна батпаган эне эртеңкини да ойлонуп, ушул учурда уулун үйлөп коюну чечет. Кайнакай Гулкан апа кандай болот, кандай жок – эгерде медер туткан туну кайрадан кан майданга аттанса, артында туяк калса деген аруу ниет, үзүлбөгөн үмүттө болгон чыгар, Анда айылдагы кыздар да кылкылдап жетилип калган эмес беле. Эр азамат дегенден чоң калаалар эмес, элет жери да кол жууп калган кез. Бийкечтерди чекесинен чертип ал.
Энесинин жактырган кызы уулунун да көңулүнө толуп, жакшы ниет-жарым ырыс деп айтылгандай кечиктирилбей эле келин үйгө түшөт. Ушундай кубанычтуу күндү көрсөм деп көксөгөн эненин тилеги кабыл болуп, колдон келген той-топурун өткөрөт. Эки жаш баш кошкондон үч күн аттабай Маматалынын артынан медкомиссияга чакыруу кагазы келет. Эми аны менен коштошуу күйүтүн эңе менен жаңы гана бүлө катарына кирген жаш колуктусу да тартып калат. Жоокердин өмүрүндөгү эң маанилүү окуя жөнүндө аскеркомдогулар билбеди, же ал өзү ооз ачкан эмеспи-айтор, айт-буйтка келтирбей эле фронтко жөнөтүлөт…
Ташиев фронттогу достору менен.
Кайран жигит кандай каргашага кабыларын анда кайдан билсин. Кайрадан туулган жери менен коштошуп, өрт-жалын алоолонуп, жер күйүп жаткан кан майданга аттанат. Бул учурда душмандын мизи кайтарылып, күч биздикилер тарапка оой баштаган. Анткен менен жаралуу жырткычтай жаалданган фашисттер СССРди багынтуудан үмүттөрүн үзүшкөн эмес. Ал эми алгачкы жеңиштерге шыктанган биздин эр жүрөк жоокерлер кашык каны калгыча салгылашып, Ата мекенге азаттык алып келүү үчүн жандарын аяшпаган. Мына ошол кызыл кыргын аралаган кыраандардын ичинде Маматалы да катардан калбай жүргөн. Андагы алааматта аталардын, агалардын тарткан азап-тозоктордун сөз менен айтып берүүгө эч кимдин кудурети жетпейт…
Чыкыроон, көөдөй түн жана да бурганак буюктурган фронттук жолдор. Жаалданган каршылык көрсөтүүсүнө карабай таш-талканы чыгып жаткан душмандын колу улам артка чегинүүгө аргасыз. Баскынчылардан бошотулбаган элдер да, жерлер да алдыдагы уч-кыйырсыз мейкиндикте, же Батыш тарапта жатат. Ал үчүн али да канча миллион айыпсыз адамдардын каны төгүлүшү керек, азаптуу жолдор басылышы керек. Азыр мына кыйраган кыштак четинде адамдык жылуу мээрдин коломтосу. Бир караганда бул чоочун. Бирок чоочунбу? Деги эле чоочун бүлө менен өзүңдүкүн бөлгөн араны таап болмокпу. Жоокерлер жер кепеге дарбый кирип, аң-таң болгон энеге:– Амансызбы, апаке! – деп эле чалгыдан чабылгандай чырм эткени сулап калышат.
Ал